Укук коргоочуларды куугунтуктоо жана басмырлоо Өзбекстанда күч алууда деп айтылат Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясы Венада тараткан билдирүүдө. Федерация Евробиримдикти мындай куугунтуктоолор аяктамайын Өзбекстанга 2005-жылы киргизилген санкцияларды албоого чакырды.