Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

16:25 Жалалабат: Кош бойлуу он беш аял сифилис менен ооруган, он бала сифилис менен төрөлгөн


Жалалабат облусунун саламаттыкты сактоо тармагынын 28-февралда болгон кеңешмеси өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды. Кеңешменин ишине министр Ш Ниязов катышты. Саламаттыкты сактоо боюнча облустагы координатор К,Эргешовдун баяндамасына ылайык хирург, онколог, педиатр, гинеколог адистигиндеги врачтар жетишсиз
болууда. Эмгек акынын аздыгы менен шарттардын начардыгынан былтыр облуста бир жүз токсон эки врач менен орто маалыматтуу тогуз жүз эки
кызматкер иштен чыгып кеткен. Облуста жалпы оорулардын саны жыйырма эки пайызга, жугуштуу оорулар үч пайызга өскөн. Кош бойлуу он беш аялдан сифилис оорусу табылып, он бала тубаса сифилис менен төрөлгөн. Токтогул районунда өлгөн он бир ымыркай катталбаган. Аксы, Алабука, Базаркоргон райондорунун айылдык айрым ооруканаларында өткөн жылы оорулардын күнүмдүк тамагына тамагына төрт жана беш сомдон каражат бөлүнгөн.(YA)

XS
SM
MD
LG