- Кабарыңыз бардыр, Конституция эки ай ичинде эки ирет өзгөртүлгөндөн көп өтпөй кайра Баш мыйзамды жаңылоо керек деген демилгелер чыгып жатат. Оппозициянын Бириккен фронт деген бирикмеси ишин баштоодо. Кечээги маалыматтарга караганда, алар үгүт бригадаларын түзүп, кыймылдын мүдөө максаттары, социалдык-экономикалык абал, бийликтеги коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалыматтарды жеткирүү багытында жер-жерлерде иш жүргүзөт экен. Саясий кырдаалды азыр кандай баалайсыз?
- Мен азыркы саясий кырдаалды уламдан-улам тең салмактан чыгып аткан кырдаал катары сезип калдым. Себеби, биздин мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бардык саясатка аралашкан адамдар конфликттин чордонуна айланып баратат. Конфликтсиз саясатты улантуунун бир гана жолу бар. Бул эки тарап бири бири менен жакшы паритет түзүп, 2010-жылга чейин эмне болсо дагы чыдап коюш керек болуп атат. Элди дүрбөтүп, жалаң саясатка алаксытканда биздин экономикабыз андан көтөрүлүп кетпейт. Экинчи жүрөктү өйүткөн маселе - бул феодалдык усулдагы бийлик түзүлүп калды. Ал эми ошонун каршылаштары анархисттик мүнөз күткөн радикал оппозиция жаралып кетти. Эки тарап тeң өз деңгээлинен көтөрүлө албай атат. Ошол деңгээлинде туруп алып элди ары-бери чайкап аткан бизде баатырларыбыз чыкты. Демократия болсо запаста калды. Демократия жетиле элек болчу, жетиле элек жатып көмүскөдө калып, эл менен эсептешкен адамдар болбой калды. Биринчи айта турган каалоом, быйыл Шанхай уюмунун саммитин тынч өткөрүп алалы. Дегеле эл аралык көп жакшы чараларга муктажбыз.
- Карыбек мырза, Акаев доорунда көп натыйжа бербесе да саясий талаштарды чечүүнүн бир ыкмасы катары тегерек стол деген жол колдонулуучу, ага оппозициясы да, ортомчулары, бийлик өкүлдөрү катышып балким ушундай нерсе зарыл болуп жүрбөсүн кандай дейсиз?
- Албетте, азыр диалог керек болуп атат. Диалог деген эмне – бул аябай бирине-бири жетип түшүнүп, кол сунуп, эки жүздүүлөнүп, өңдү көрсө бирди айтып, артынан башка ишчараларга киришпей, айткан сөзгө бекем туруп, иш чараларды чогуу өткөрүп, мамлекетибизди чыңдай турган чаралар керек болуп атат. Сиз айтканга мен толук кошулам. Кандай жол болсо дагы тегерек столбу, форумбу өткөрүш керек.
- Ошондой демилге бийликтен чыкканы оңбу?
- Андай демилге бийликтен чыкса оппозиция айтат, бул бийлик өзүнүн эле кызыкчылыгын көздөп атат, ошондуктан Акаевге окшоп бизди дагы алдайт деп. Ал эми оппозиция тараптан чыкса бийлик тарап булар жыландын башын чыгарып атат деп булар каршы туруп алышат. Ошондуктан эки тарап чогуу декларация, чогуу жарлык менен чыкса туура болчудай. Анын үстүнө бийликте дагы, оппозицияда дагы 2-3 фронтко бөлүнүп кетүү, биринин тилин бири укпоо, ыркы жоктук бар. Акүйдүн ичи деле тынч эмес турбайбы. Депутаттардын деле арасы бирдиктүү болбой атат. Биз үчүн жалпы мамлекеттик идеология керек эле. Эми аны да таба албай кыйналып атабыз. Эң эле жөнөкөй нерсе, элдин биримдиги, аймактын бүтүндүгү, анан өлкөдөгү тынчтык. Ушул үч эле шарттын тегерегинде жакшынакай идеологиялык маселени эки тарап келишип туруп Конституцияга тиркеп койсо болот. Аткарууга бул эң жеңил нерсе.
- Маегиңизге ырахмат.
Маектешкен Улан Эшматов