Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

ОСМОН АРТЫКБАЕВ: КУЛОВДУН СӨЗҮ ЖАРЫЛГАН БОМБАДАЙ ЭЛЕ БОЛДУ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши ЖК депутаты Осмон Артыкбаев болду. Ал Данияр Үсөновдун 300 миң доллар берип биринчи вице-премьер кызматына жеткени жөнүндө Ф. Куловдун билдирүүсүнө карата ой-пикирин айтты.

- Сизден депутат катары мурдагы премьер министр Феликс Куловдун кечээги билдирүүсү тууралуу пикириңизди сурайлы деп турабыз. Себеби Жогорку Кеңештин дарегине да таш ыргытылууда. Уксаңыз керек, ал азыркы биринчи вице- премьер кезинде парламенттен бекиши үчүн 300 миң доллар сарптаганын айтып чыкты. Данияр Үсөнов мырза биринчи вице-премьерликке бир ирет бекибей да калып, ортодо бир нече тыныгуудан кийин бекиген эле. Ал да балким Кыргызстан үчүн кызмат кылгысы келген, кылып жаткан инсандыр. Бирок вице-премьерлик орун ага 300 миң долларга турганы жөнүндө Куловдун сөзүнө ишенсек, президенттин кеңсесинде сөз болгон экен. Президент Бакиев азыр бийликтин жогорку тепкичтеринде коррупция жок, балээнин бары ылдыйкы баскычтарда деп дайыма айтып келет. Мурдагы премьердин жарыясы кандай болгон күндө да бийликтин аброюна доо кетиргени кетирген. Сиз эми анын айткандарына ишенип жатасызбы?

- Бул Ф.Куловдун айткан сөзү жарылган бомбадай эле болду. Жакшы маанай кылган жок. Себеби азыр коррупция менен күрөшөлү деп жатпайбызбы. Элдин баары түшүнүп атат, коррупция жоголмоюн экономикабыз өсүп, өлкө кризистен чыкпай турганын. Коррупциянын эң башында биздин өлкөдөгү чиновниктер, жогорку кызматтагы адамдар баштап атат деп айтылып келатпайбы. Ошого негизделген окуя болуп калды. Муну негизинен аныкташ керек. Чоң деңгээлдеги чиновниктер коррупцияга айланып, кызмат абалын колдонуп кызматка туруп, ушундай жолдорго барып атканы белгилүү болуп калды. Бирок бул жерден 300 миң доллар менен Жогорку Кеңеш аркылуу өттүм деп Данияр Үсөновдун айтып атышы бул жөнөкөй нерсе эмес. Муну сот аркылуу аныктап тактап алыш керек. Эгер чын болсо ошондо айтыш керек кимге, кантип бергенин. Бул өтө коркунучтуу нерсе.

- Осмон мырза, Кулов кечээги интервьюсунда аны парламенттен кулатыш үчүн да акча коротулганын каңкуулайт айтпаганы менен. Жогорку Кеңеш ушул нерсе боюнча чогуу бирдиктүү жооп кайтара алабы? Эгер болсо бул парламенттин дарегине шек келтирген, андай нерсенин чын экенинин далили болуп калат го?

- Биз округдарга чыгып атабыз. Жыйын башталганда сөзсүз ушул маселени коюп, талкууга алып чыгышыбыз керек. Эгерде бул маселеге көңүл бурбасак, анда айтылган сөзгө макул болгонубузду билдирип коёбуз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG