26-28-февралда Грузия президенти Михаил Саакашвили Брюсселде болуп, Европа Биримдиги жана НАТО уюмунун жетекчилери менен жолуккан. Украина президентинин пикиринде дагы анын өлкөсү Евробиримдик жана НАТО менен кызматташуусун күчөтүп, акыр-аягында аларга мүчө болуп кирүүгө тийиш. Виктор Ющенконун Тбилисиге болгон эки күндүк сапары учурунда экономика жана маданият тармагында кызматташуу боюнча бир нече келишимге кол коюлууга тийиш, бирок айрым эксперттердин пикиринде, эки президент ортосунда ошондой Батыш уюмдары менен кызматташууну күчөтүп, ал багытта биргелешип аракеттенүү маселелери талкууланганы негизги мааниге ээ.
Брюсселде болгондо Саакашвили - Грузиянын курамындагы Абхазия жана Түштүк Осетиядагы Орусиянын бейпилдик аскерлерин эл аралык аскерлерге алмаштыруу маселесин көтөргөн жана Ющенко аны дароо колдоп, эгер Грузияга андай эл аралык күчтөр жиберилсе, Украина ага аскер кошууга даяр экенин билдирди.
Орус жетекчилиги окуялардын андай өнүгүшүнө каршы жана Брюсселде дагы Европа Биримдиги менен НАТОнун жетекчилери андай маселени Маскөөнүн катышуусу менен гана чечиш керек деп билдирди. Украина менен Грузиянын андай Батыш уюмдары менен жакындашканы дагы Кремилге жакпайт, бирок Саакашвилинин айтымында, андай кызматташуу Орусияга каршы багытталбайт:
"Биздин НАТО менен жакындаганыбыз эч бир үчүнчү тарапка каршы багытталбайт. Андан тышкары мен Грузиянын өзүндө кээде айтылып жаткан айрым пикирлерге да жооп берейин. Айрымдардын айтымында, НАТО менен улам жаңы байланышуу ички маселелерди ырбатууда. Мен ачык айтайын, андай эмес, НАТОнун биздин андай ички маселелерибизге тийешеси жок жана бул уюм алар менен байланыштырылбаш керек. Тескерисинче, НАТО менен кызматташуу Грузиянын биримдигине, Грузиядагы демократиялык өзгөрүүлөргө, Грузиянын күчтөнүшүнө жагымдуу", - деди Саакашвили 1-мартта Тбилисиде Ющенко менен жолукканда.
Эки президент Тбилиси шаарында Тарас Шевченконун эстелигин ачууга да катышат, андан тышкары алар Советтик оккупация музейине да барат. Саакашвилинин айтымында, ал музейдин Грузияда ачылып, иштеп жатканы дагы Орусияга каршы багытталбайт, ал Грузиянын өзүнүн тарыхы менен гана байланыштуу жана Советтик бийликтин гана кылмыштарын айгинелейт. Музей Тбилиси шаарында былтыр 26-майда ачылган, андай музейлер мурдагы советтик жумурияттардын ичинде Вильнюс менен Рига шаарларында гана бар.
Ющенко андан тышкары Грузия өкмөтүнүн башчысы Зураб Ногаидели жана парламенттин спикери Нино Буржанадзе менен дагы жолугуп-сүйлөшөт.