Бул тууралуу экс-премьер-министр бүгүн Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Кулов жакынкы аралыкта президенттик чукул шайлоо өткөрүү зарыл деп айтты. Анын пикиринде системаны өзгөртмөйүнчө экономикалык жактан өлкөнү илгерилетүү мүмкүн эмес. Кулов ошондой эле ал жаңы түзгөн бирдиктүү фронт өз ишмердүүлүгүн ачык жүргүзөөрүн, эч кандай чагымчыл аракеттерге барбастыгын, 2010-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышпай турганын да белгиледи. Кулов Москвага сапарынын учурунда Орусиянын биринчи вице-премьер министри Сергей Иванов менен жолугушканын айта кетти. Жолугушуунун мазмуну тууралуу толук маалымат берген жок. Кулов ошондой эле Москвага болгон сапарынын жүрүшүндө экс-президент Аскар Акаев менен жолуккандыгы жөнүндө тарап кеткен маалыматтарды төгүнгө чыгарды. Экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун биринчи вице-премьер кызматына бекиш үчүн 300 миң доллар пара бергени жөнүндө мурда айткан сөздөрүн да кайталап жарыя кылды. Анын айтымында, Данияр Үсөнов парламенттен өтүп кетиш үчүн чоң көлөмдө акча бергени жөнүндө өзү президент менен жолугушуу маалында билдиргени чын. (KCh)