Данияр Үсөнов вице-премьер министрлик орун үчүн 300 миң доллар чыгымдаганын президенттин көзүнчө айткан, менде андан башка далил жок деп билдирди Феликс Кулов бүгүн уюштурган маалымат жыйынында. Кулов бул тууралуу мурда «Дело №» гезитине берген интервьюсунда айткан. Мындай билдирүүнү биринчи вице-премьер министр бүгүн парламентте төгүндөп, анын чындыгын далилдөө үчүн экс-премьер министрди сотко берерин билдирди. Феликс Куловдун таламын талашкан депутаттар жалгыз күбө саналган президент Курманбек Бакиев мындай сөз айтылганын далилдеп бербей тургандыгына ишенген үчүн Үсөнов өктөм сүйлөөдө деп жатышат. (BuS)