Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:36

АКШ МЕНЕН ТҮНДҮК КОРЕЯ ОРТОСУНДА БИРИНЧИ ЭКИ ТАРАПТУУ СҮЙЛӨШҮҮ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы 50 жылдын ичинде алгачкы жолу 5-мартта Нью-Йорк шаарында АКШ менен Түндүк Корея ортосунда эки тараптуу сүйлөшүү башталды. Анын алыскы жыйынтыгы катары эки мамлекет арасында дипломатиялык байланыш түзүлүшү мүмкүн.

1950-жылдардын башында болгон Корея согушунан бери АКШ менен Түндүк Корея ортосунда дипломатиялык мамиле жок, ошондуктан 5-мартта Нью-Йорк шаарында башалган сүйлөшүүнүн натыйжасында акыр-аягында эки мамлекет ортосунда андай мамиле пайда болушу ыктымал. Анткен менен АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормактын айтымында, андай алыска кете турган жыйынтык чыгаруу азырынча эрте:

"Бул - жумуш тобунун гана жыйыны жана мамлекеттик катчынын жардамчысы Кристофер Хилл бир нече маселе боюнча сүйлөшүүнү баштап гана жатат, ошондуктан аны мен - мамиленин жөнгө салынышы деп мүнөздөбөйт элем. Менин оюмча, мамилени оңдоо боюнча сүйлөшүүнү кантип жүргүзүү керек деген гана талкуу болот жана Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттер тизмесинен алып салуу жөнүндө сөз болот", - деди Маккормак сүйлөшүү башталар алдында.

Кристофер Хилл менен жолугууга Нью-Йорк шаарына Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Ге Гван келди. Мындай жумуш тобун түзүп, жыйын өткөрүү чечими февралдын башында Бээжин шаарында өткөн алты тараптуу сүйлөшүү учурунда макулдашылган. Ал жолугушуунун натыйжасында 13-феврал күнү атайын келишим түзүлүп, Пхеньян өзүнүн Йоңбен шаарындагы өзөктүк реакторун токтотууга макул болгон, эл аралык коомчулук ал үчүн өлкөгө бир миллион тонна мунай жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт жана өлкөнүн коопсуздугуна кепил болот.

Айрым байкоочулар мындай жыйынтыкты Түндүк Кореянын жеңиши катары баалады, анткени Пхеньян башынан тартып өлкөнү Батыш эл аралык террорчулуктун спонсору деп атаганына каршы чыгып, Вашингтон менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүнү талап кылып келген. Кээ бир америкалык эксперттердин пикиринде, Вашингтондун Түндүк Кореяга карата өтө катуу туруму тескери жыйынтык чыгарып, Пхеньяндын өзөктүк программаларынын тездегенине алып келди. Алардын айтымында, Пхеньяндын өкүлдөрү менен сүйлөшүү столуна отуруу - АКШнын тышкы саясатын аныктоо мурда вице-президент Дик Чейниге таандык болсо, эми ал мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын колуна өтүп баратканын көрсөтөт.

Биринчи сүйлөшүү 6-мартта кечинде, Кыргызстанда 7-март болгондо аякташ керек, бирок дагы жаңы сүйлөшүүлөр болоору күтүлүүдө. Марттын ортосунда болсо Түндүк Кореяга Атом кубаты боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохаммед Элбарадеи барууга тийиш. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын айтымында, Түндүк Корея менен сүйлөшүү жүргүзүү - Иран жана Сирияга да мисал болушу мүмкүн. Пхеньяндын өкүлү Нью-Йоркто мурдагы мамлекеттик катчылар Генри Киссинжер жана Мэдлин Олбрайт менен дагы жолугуп-сүйлөшөт.

Кээ бир америкалык саясатчылар - Түндүк Кореянын өзөктүк программалары боюнча америкалык чалгындоо кызматтарынын мурдагы маалыматтары так эмес болгон деп айтууда.

XS
SM
MD
LG