Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

УКРАИНАДА ЭРТЕ ШАЙЛОО БОЛОБУ?


Өткөн аптада Украинада башкаруучу региондор партиясынын депутаты президентти жана парламентти мөөнөтүнөн мурда быйыл күздө кайра шайлоону сунуш кылган мыйзам долбоорун Жогорку Раданын кароосуна киргизди. Андан бир апта мурда оппозициядагы эки фракция – Юлия Тимошенконун блогу менен “Биздин Украина” партиясы депутаттар корпусун мыйзамда аныкталган убакыттан эрте жаңылоого жетишүү үчүн атайын шартнама түзүшкөн эле.

Долбоордун автору,региондор партиясынын өкүлү, депутат Васил Кисилев өлкөдөгү саясий кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын, аны жөндөгөнгө президенттин да чамасы жетпей калганын белгилеп, ушундан улам мамлекет башчысын жана парламентти мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо керектигин билдирди.

Конституцияга ылайык, Украинада эмдиги президент – 2009чу,парламент 2011-жылы шайланууга тийиш.

Региондор партиясынын өкүлү сунуш кылган долбоор оппозициядагы Юлия Тимошенконун блогу менен “Биздин Украина” партиясы парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу эки апта мурда кол койгон келишимге кайтарылган жооп болду.

Парламенттеги социалисттер партиясынын фракция башчысы Иван Бокий премьер менен президенттин тиреши улана берчү болсо быйыл күздө чын эле шайлоо өткөрүүгө туура келип калышы мүмкүн экенин жокко чыгарбады. “Саясий бир тараптын акылы алжый түштү эле, мунун соңунан экинчи жактын акылы айный баштады. Эми ушул акылсыздыкты алар бүткүл Украинага сунуш кылганы жатышат”, - дейт ал.

Украиналык саясий аналитик Константин Бондаренко эрте шайлоо үчүн мыйзамдуу негиз жоктугун, бирок бул идея өкмөт менен президенттин секретариаты ортосундагы тирештен улам пайда болгон саясий туңгуюктан чыгуунун жолу болорун белгиледи.

Негизги мыйзамга ылайык, парламент биринчи сессия башталгандан отуз күн ичинде өкмөт түзүшү керек, эгер ал таркатылса же отставкага кетсе, алтымыш күн аралыгында жаңы кабинет куралууга тийиш. Азыркы парламент былтыр майдын этегинде биринчи сессияга чогулган, премьер Виктор Януковичти колдогон парламенттеги көпчүлүк коалиция болсо бир ай кеч - августтун этегинде түзүлгөн. Оппозиция ушундан улам Януковчтин өкмөтүн мыйзамсыз деп эсептеп, Конституциялык сотко берген. Эгер сот муну тастыктаса, анда президент Виктор Ющенко парламентти таркатып,жаңы шайлоо белгилей алат. Бирок Януковичтин башкаруучу коалициясы президенттин өзүн кезинде конституцияда каралбаган үчүнчү айлампадагы добуш берүүдө шайланганын эске салып, тосмо доо менен Конституциялык сотко кайрылган.

Ит жыгылыш абалдан чыгуу үчүн региондор партиясынын дагы бир өкүлү Владимир Зубанов президентти өз ыктыяры менен отставкага кетүүгө чакырды. 1994-жылы президенттик жана парламенттик кризис чыкканда Леонид Кравчук ушундай кадамга барып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлгөн эле, деп айтты ал.

Бирок Ющенко биринчи президенттин кадамын кайталаганга ниети жоктугун билдирди. Премьер Янукович да парламентке эрте шайлоо өткөрүү идеясын негизсиз деп тапты. Украинада эрте шайлоо планы кандай аңытта өнүгөрүн эми алдыдагы күндөр көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG