Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

АРМЕНИЯ ШАЙЛООГО КАМЫНУУДА


Арменияда парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Быйылкы өнөктүктү жергиликтүү байкоочулар өтө каттуу атаандаштык шартында өтөт деп жатышат. Ошентсе да кабатырланткан эң негизги маселе катары алар добуш берүү эркин жана адилет болобу – мына ушуну аташууда.

Арменияда парламенттик шайлоо 12-майда болот,ырасмий түрдө саясий өнөктүк апрелдин биринчи он күндүгүндө башталат. Бир палаталуу парламенттеги 131 орундун 90ну партиялык тизмеге бөлүнгөн.

Байкоочулар шайлоонун бир нече өңүтүн бөлүп көрсөтүшүүдө. Эгер добуш берүү эркин жана адилет өткөрүлбөсө,анда Армения АКШнын Миң жылдыктын чалкештиктери аттуу программасына илинбей калышы, демек, Вашингтондун финансылык көмөгүнөн ажырашы мүмкүн. Мындан тышкары Евросоюз менен жакынкы мөөнөттөгү кызматташтык ишинде да проблемалар пайда болушу ыктымал.

Майдагы шайлоо парламентте кандай күчтөр көпчүлүк орунду алат, кайсы партиянын же коалициянын өкүлү премьер-министр болот аңытынан алганда да абдан маанилүү. Жеңишке жеткен тарап эмдиги жылдын башталышында өтө турган президенттик шайлоого өз өкүлүн башкы талапкер кылганга мүмкүндүк алат. Азыркы президент Роберт Кочаряндын экинчи мөөнөтү эмки жылы бүтөт, ал кайрадан кандидат боло албайт.

Парламенттин көпчүлүк мандатына азыр бийликчил эки партия – республикачылар менен революциячыл федералдар башкы талапкер катары каралууда. Алардан мандат талашканга оппозициядагы дагы үч партиянын мүмкүндүгү бар дешет.

Еревандагы улуттук жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун жетекчиси Степан Сафаряндын айтымында, оппозициядагы үч партиянын калк ичиндеги кадыр-баркы бир топ эле жогору. Мындан тышкары аларды сырт жактардагы армян тайпалары арасында колдогондор да көп.

Өткөн жумада парламент чет элдердеги армяндарга кош жарандык берүүнү караган мыйзам кабыл алды, бирок аларды добуш берүү жана шайлануу укугунан ажыратты. Кокус аларга толук өлчөмдө жарандык укук берилгенде быйылкы парламенттик жана эмдиги жылдагы президенттик шайлоо өтө чаташтуу,болжоп болгус мүнөзгө айланат эле, дейт Кавказ медиаинститутунун ректору Александр Искандарян. Мындай болгондо армян бийлиги өлкөнүн өзүндө эмес, Лос-Анжелесте же Москвада түзүлмөк. Эмнеге дегенде чет элдеги армяндар саны жагынан өлкөнүн өзүндөгү улутташтарынан үч эсе көп, дейт ал.

XS
SM
MD
LG