Мосул шаарында “Ирактын ислам партиясынын” кеңсесинде болгон жардыруу 3 кишинин өмүрүн алып кетти. Аталган партия Ирак парламентиндеги сунилердин ири фракциясына кирет. Жардыруу болгон жерде белгисиз бир адамдын сөөгү табылды, болжолу менен ал кол салууну уюштурган жан кечти болчу.