Планга ылайык, Косоводо кеңири автономия куруу каралган. Серб өкмөтүнүн пикиринде, план Сербиянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн бузуп, көпчүлүктү түзгөн этникалык албандардын толук көз карандысыздыгына алып келет. Бир жылга созулган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө серб өкмөтү менен этникалык албандар бир сөзгө келе албай койду.