“Бүгүн Конституция асман менен жердин ортосунда асылып, мыйзамсыз талаада жашап жатканыбыз үчүн, биз легитимдүү бийлик болушун каалайбыз жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону талап кылабыз”,-деп билдирди депутат Мелис Эшимканов. Анын айтымында, “Кыргызстандын татыктуу келечеги үчүн” бириккен фронт 11-апрельде Бишкекте, облус, райондордо 10 миңден 100 миңге чейин адамдардын катышуусунда мыйзамдын чегинде тынч митинг, пикет, ар кандай саясий акцияларды өткөрүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабын коет. (AJ)