Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:26

КУБАТ БАЙБОЛОВ: БИЗДЕ БИР АДАМДЫН ХАНДЫКЫНДАЙ ЧЕКСИЗ БИЙЛИГИ ОРНОДУ


Саясатта жаз жарышы башталып, оппозициячыл күчтөр бийликке каршы аракеттерин күч алдырууда. “Реформа үчүн” кыймылы президентке конституциялык жана демократиялык реформаларды ишке ашырууга 10-апрелге чейин ультиматум койду. Бул кыймылга кирген “Демократиячыл күчтөр биримдиги” партиясынын жетекчиси Кубат Байболов фронтчулардын соңку иш-аракеттери тууралуу “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- “Реформа үчүн” кыймылы койгон ультиматумдун мазмунун кыскача чечмелей кетесизби?

- Муну ультиматум дебей башкача формулировканы колдонолу. Мөөнөт, себеби ушул талаптардын айтылып келе жатканына эки жылга чукулдап калбадыбы. Ошондуктан “Реформа үчүн” кыймылы өзүнүн акыркы билдирүүсүндө, негизги текстте эмес, ооз эки жүзүндө апрелдин онуна чейин өзүңөр сөз берген чараларды ишке ашыргыла деген сөздү айтып атат.

- Негизги талаптар кайсылар болуп атат?

- Эң негизгиси конституциялык реформа. Биздин оппоненттер айтып атат, Конституцияны өзгөртпөдүбү, силерге дагы эмне керек деп. Мен ошолорго мындай суроо берет элем, айлыгыңардын ордуна момпосуйдун фантиктерин берип койсо, айлыкты алдык деп жүрө берет беле? Чындыгында Конституциялык реформа демиш болуп отуруп, Акаевдикинен да өткөн жараксыз нерсени кабыл алып, бир адамдын бийлиги чексиз хандыкындай болуп калбадыбы. Чындыгында төңкөрүштө негизги лозунг ошол болгон, бир адамдын, бир үй-бүлөнүн чексиз бийлигин жоёт деген.

- Сиздер буга чейин дагы ультиматум койгонсуздар. Анын жыйынтыгы сиз айткандай момпосуйдун фантиги болуп калды окшойт. Азыркы ультиматумдан кандай жыйынтык болот деп ишенесиңер?

- Чексиз сан өсүп-өсүп отуруп башка бир сапатка айланат деген философиялык түшүнүк бар эмеспи. Албетте, мен инсан катары бул бийликтин коомдон келип жаткан талаптарга көңүл бурбай коёруна ишенимим жетти. Себеби, не деген митингдер болду. Мына ушуга карабастан сотуңа бар, билгениңди кылып ал деген зөөкүр саясат жүрүп атпайбы. Менин оюмча, бул мөөнөттөрдүн баары бүтүп, митинг дегендер өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып, башкача сөз кылууга жагдай түрткү берип жаткан учур.

- Кечээ жакында сиз “Реформалар үчүн” кыймылы менен “Келечектүү Кыргызстан үчүн” бирдиктүү фронттун талаптары бир жерден чыгып жатат деп айтпадыңызбы? Бул эки кыймылдын бириккени жатканын билдирген белгиби?

- Жагдай бийликтин оппонеттеринин бардыгын бир жерге чогултууга түрткү болуп жатат. Ошол Бирдиктүү фронт менен кыймылдын талаптарын алып карасаңар коёндой окшош болуп атат. Негизги максат - кайсы гана кыймыл болбосун өлкөдө жакшылыктын жышааны пайда болобу, системалык өзгөрүүлөр болобу деген гана максат. Ал эми биздин оппоненттер көп айтып атат бийлик үчүн күрөшүп атышат деп. Албетте, ошол кыймылдын арасында жалаң бийлик үчүн күрөшкөндөр болушу мүмкүн. Атүгүл жакын арада маалым болду, кечээ күнү мындай болбойт деген айрым адамдар конструктивдүү болуп чыгып, барынан дагы башынан жок башкача болсун дегендерди сынга алып, кыймылды экиге бөлүшкө аракет пайда болду. Биз ойлогонбуз, жеген бешбармак эле таасир эттиби десек, жок, андан өткөн чоң-чоң сунуштар пайда болгон экен. Ошондуктан күчтөрдүн негизги басымдуу көпчүлүгүнүн талабы ушул системалык өзгөрүү болуп кетсе деген. Эгерде белгиленген мөөнөттө бийлик өзгөрүүлөргө барып, азыр акыбал мажбурлап жаткан конструктивдүү жана өтө чечкиндүү кадамдарга барса, албетте жагдай, башка нук менен өнүгүп кетиши мүмкүн.

- Бешбармак саясатына токтолсоңуз. Бир жолу курсагы тойсо эле айдаган жакка кете берген саясатчылар бизде ушунчалык көппү?

- Биринчи чоң категориясы, бийликтен алынгандан кийин көзү ачылган кыргыздар, экинчиси - кечээ бирди сүйлөп жүрүп, системалык өзгөртүү болбосо болбойт, башка жол жок дегендер. Жылуу сөз жылаанды да ийинден чыгарат эмеспи, жылуу сөз айтып, эртең баланча кызматка барып отур десе башы тегеренип кеткендер четтен чыгып атпайбы. Бул эми тарыхый көрүнүш. Биздин кыргыздар дароо эле абдан аң-сезими боюнча жогорку деңгээлге жетет деген ойдон алыспыз. Бирок, ошентсе дагы бул тарыхый, Лениндин аныктамасы боюнча социализимдеги бала оюнунун бала оорусунда болуп атат.

-
Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG