Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

УКРАИНА ПРЕЗИДЕНТИ ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ


Нарын АЙЫП, Прага Украина президенти Виктор Ющенко өткөн аптада Брюсселде болуп, Европа Биримдигинин бир нече жетекчиси менен жолукту. Байкоочулар анын сапарынын жыйынтыктарына ар башка баа берүүдө.

Украина президентинин сапары өтө кыска болду - Брюсселге ал 7-март күнү кечинде келип, эртеси бардык жолугушууларды бир күндүн ичинде өткөрдү. 8-мартта Ющенко Европарламенттин төрагасы Ханс-Герт Поттеринг, Европа Биримдигинин тышкы саясаты жана коопсуздук маселелери боюнча бийик өкүлү Хавьер Солана, Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу жана Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер менен жолукту.

Акыркы жолу Ющенко Брюсселде 2005-жылдын февралында болгон, премьер-министр Виктор Янукович болсо акыркы алты айдын ичинде Белгияга эки жолу келип кетти, жакында Брюсселде оппозиция башчысы Юлия Тимошенко да болду. Янукович Биримдиктин жетекчилери менен жолукканда, НАТО уюмуна же Евробиримдикке өлкөнү мүчө кылып киргизүүгө кызыкканын өтө деле катуу билдирген эмес, ошондуктан Ющенконун сапары, айрым байкоочулардын айтымында, андай жагдайды өзгөртүүгө багытталган.

Ющенконун өзүнүн айтымында, Биримдик менен Украина ортосунда жаңы кызматташуу келишими түзүлүш керек: "Украина үчүн жаңы кызматташуу келишимин түзүүгө орчундуу негиз табуу өзгөчө маанилүү. Биз - андай жаңы келишимде Биримдик жаңы шериктер менен кызматташууну күчөтүш керек деп жазылышын каалайбыз", - деди Ющенко 8-мартта.

Жолугушуулар учурунда негизги сүйлөшүүлөргө журналисттер катыштырылган жок, алар бүткөндөн кийин болсо президенттин жардамчысы Александр Чалый - визит өтө ийгиликтүү өттү деп билдирди. Анткен менен быйыл октябрга белгиленген Украина жана Биримдик ортосундагы кызматташуу боюнча жаңы келишимге кол коюу эмдиги жылга калтырылганы белгилүү болду, анткени Киев сунуш кылып жаткан эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жарым жылда бүтпөй тургандай.

Ющенко менен жолугаар алдында Ферреро-Валднер - Украина жакын арада Биримдикке мүчө болуп кириш керек деген сөздөрдү азырынча расми документтерге киргизүү эртелик кылат деп билдирген, бирок Чалыйдын айтымында, президент менен жолуккандан кийин ал өз пикирин өзгөрттү.

Бирок Брюссел шаарында жайгашкан Европа саясаты боюнча борбордун эксперти Аманда Очакошанын айтканына караганда, Ющенконун сапары негизинен пропагандага окшош болду. Анын айтымында, Украина азыр парламенттик республикага айланып бараткан мезгил жана негизги бийлик премьер Януковичтин колуна өтүүдө. Очакошанын пикиринде, Ющенко Брюсселге жөн гана ал дагы азырынча Украинада бир нерсе чече ала турганын көрсөтүш үчүн гана келди.

Анткен менен Хавьер Солана менен өткөн жолугушуу учурунда Солана Украинада ишке ашырылып жаткан саясий жана экономикалык реформаларга жогору баа берди. Ющенко Брюсселге келээр алдында болсо, 7-мартта Биримдик атайын чечим кабыл алып, Украинага көрсөтүлө турган жардамдын көлөмү көбөйтүлө турганын билдирди. 2007-2010-жылдарда Европа комиссиясы Киевке жыл сайын 123 миллион евро жардам берүүгө даяр, акыркы үч жылда болсо жылына 70 миллион берилип келген. Акча негизинен - өлкөнүн энергетика тармагын оңдоп, аны Европалык системага кошуу үчүн жумшалат.

XS
SM
MD
LG