Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

ОРУСИЯЛЫК САЯСИЙ ЭЛИТАНЫН САНКТ-ПЕТЕРБУРГДАН ЧЫККАН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиялык саясий элитаны тандоо бийликке президент Владимир Путин келгенден тартып кыйла өзгөргөнү кеп болууда. Ошондон бери саясий башкаруучу элита негизинен Санкт-Петербургдан тандалып алынууда. Анализчилер мунун себебин Путиндин өзү ушул шаардан чыккандыгы менен байланыштырып келишет. Путин кийинки учурда өкмөттүн биринчи орун басары кызматтарына дайындаган Сергей Иванов менен Дмитрий Медведев да Санкт-Петербургдун кулундары, алар келечекте президенттин мураскору болушу мүмкүн деген кеп бар.

Петр I-нин тушунда ордо калаа болгон ыйык Петербург совет бийлиги орногондо Лениндин сунушу менен өз укугунан ажырап калган. Баш калаа укугу Маскөөгө өткөн. Ошондон тарта эки шаар тургундары ортосунда тымызын тирешүү бар. Ал саясий төбөлдөр аракеттеринен байкалат. Ал тургай 30-жылдары түндүк борбордон чыккан партиялык жетекчилер Григорий Зиновьев менен Сергей Кировдун жок кылынышын Сталин ошол эки шаар кармашына таяп ишке ашырган деген божомол айтышат.

90-жылдары жаңы Орусияда менчиктештирүүнү өткөргөн Анатолий Чубайс менен же 1998-жылы киши колдуу болуп өлгөн таанымал саясатчы Галина Старовойтованын ысымдарын питердиктер чоң сыймык менен аташат.

Питердин ордо калаа менен саясий орун талашуусу мурдатан болуп келе жаткан адат экенин жана ал жерде бийлик ээлөө эмес башкача саясат жүргүзүү үчүн күрөш жүрүп атышын Орусиялык саясий тарых музейинин директору Евгений Артёмов айтат:

«Нева (дайрасынын – ММ) жээгиндеги шаар XX-кылым ичинде бир нече жолу Маскөөдө өзүнчө саясат жүргүзүү үчүн чыгынышкан питердик, ленинграддык командаларды жиберип, аракет жазап көрдү», - дейт тарыхчы.

Ушул кептен улам андай аракеттин бири азыркы Владимир Путиндин командасы жасап аткан чара экен деп түшүнсө болор. Ошол эле учурда ал аракеттин нагыз питердик саясий элитага тийешеси жок деп да айтышат.

Кызык жери «Независимая газета» 2003-жылы (19-агуста – ММ) эле президент Путиндин кишилерди кызматка коюсу - күч органдары, биринчи кезекте, чекисттер катарынан тандаларын жазган эле.

«Петербугдук бардык саясий элита ГБ (мамлекеттик коопсуздук комитети – ММ) уюмуна тийешеси бар кишилер. Аларды ошол уюм тарбиялаган, алар ошол уюмдун мыйзамы менен жашашат», - дейт анализчи Ирина Кондрашова.

Ошондуктан орусиялык лидер питердик саясатчылар таламын талашпай эле качанкы өз кесиптештеринин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып атат дейт.

Мураскор болот деп аткан өкүмөткө биринчи орун басар болуп дайындалышкан Дмитрий Медведев менен Сергей Иванов да туулган жери Санкт-Петербург болгону менен кезегинде алар да атайын кызматтардан Путиндин командасына тартылышканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG