Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕН УУРДАЛГАН СЕЙФКЕ КИМДИН КАНДАЙ ТИЕШЕСИ БАР..?


Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун иш бөлмөсүнөн сейф уурдалды. Ички иштер министрлигинин божомолу боюнча уурдоо 12-марттан 13-мартка оогон түнү болгон. Айрым пикирлер боюнча сейфтин уурдалышына Карганбек Самаковдун парламенттеги буга чейинки жүргүзгөн иштери себеп болушу мүмкүн.

Депутат Карганбек Самаковдун Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсү 3-кабатта жайгашкан. Анын иш бөлмөсүнөн сейфтин уурдалганын бүгүн эртең менен ишке келген жардамчылары биринчилерден болуп байкашкан. Сыртка караган терезе ачык калгандыгын жана депутаттык иш бөлмөсүндө сейф жоктугун байкаган жардамчылар милицияга кабарлашкан. Милиция кызматкерлери талкаланып, бош калган сейфти парламенттин алдындагы Лениндин эстелигинин жанынан табышты.

Бул иш боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөө жүргүзүп жатат. Аталган башкармалыктын маалымат катчысы Айгүл Давлетбаеванын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча окуяны иликтөө ишин шаардык ИИБ жетекчилиги көзөмөлгө алган.

Жогорку Кеңештин имараты, анын ичиндеги жабдуулар ИИМнин атайын күзөт бөлүмүнүн кайтаруусуна алынган. Парламенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жоробек Борбодоевдин берген маалыматы боюнча бул жагдайда Жогорку Кеңештин ИИМ менен түзгөн келишими бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеш бийликтин негизги бутактарынын бири, ошондуктан парламенттин имаратын бүгүнкү күндүн талабына ылайык техникалык жабдуулар менен коргоого алуу зарылчылыгы келип жетти деген пикирин билдирди:

- Жогорку Кеңешти коргоо системасы учурдун талабына жооп бербей тургандыгын бүгүнкү окуя далилдеп койду. Мына ушул кырдаалдарды эске алып, парламенттин имаратын коргоону техникалык жетишкиндиктерди, видеокамераларды Жогорку Кеңештин коридорлоруна, сырт жагына коюу зарылчылыгы бар деп ойлойм. Анткени, милиция кызматкерлери түнү менен коридорлордо басып жүрө алышпайт.

Өмүрбек Текебаев мындан бир жыл мурда мамлекеттик жана коомдук имараттар, коммерциялык ишканаларга атайын техникалык жабдуулардын негизинде өздөрүн коргоого алуусу тууралуу мыйзам долбоорун жазып, бирок ал президент тарабынан колдоо таппай калгандыгын кошумчалады.

Буга чейин Жогорку Кеңешке сырттан уурулар кирген учурлар катталган эмес. Ошентсе да минтип ири көлөмдөгү сейфтин уурдалып жатышы коомчулукта түрдүү пикирлерди пайда кылууда.

“Асаба” партиясынын координациялык кеңешинин мүчөсү Дөөлөт Нусупов эл өкүлдөрү жаңы машина, жаңы квартира деп талашкандын ордуна, парламенттин имаратынын коопсуздугун күчөтүүгө аракет кылышса жакшы болмок дейт:

-Батир сурап, машина талап кылып, акча талашып эле басып жүрүшөт. Андан көрө өздөрү иштеген Жогорку Кеңештин имаратын жакшылап, заманбап техникалар менен жабдып, коргоого алууга аракет кылышса жакшы болмок.

Кечке жуук парламенттин иш башкармалыгынын башчысы Алишер Абдымомунов айрым маалымат каражаттарына Жогорку Кеңештин алдындагы Лениндин эстелигинин жанынан табылган сейф депутат Карганбек Самаковго тиешелүү эместигин билдирген. Анын айтуусунда мындан он күн мурда парламенттин иш башкармалыгы Жогорку Кеңештин бардык иш бөлмөлөрүндөгү эмеректер, буюмдар кайрадан каттоодон өткөрүлгөн. Ал убакта мындай сейф Самаковдун иш бөлмөсүндө жок болчу дейт ал.

Алишер Абдымомуновдун айтуусунда парламентти кайтарган күзөт полкунун кызматкерлери бүгүн түшүнүк кат жазып, он күн аралыгында Жогорку Кеңештин имаратына эч кандай сейф алып кирилбегенин билдиришкен.

Карганбек Самаков парламенттин иш башкармалыгынын ишин текшерүүчү комиссиянын мүчөсү. Бул комиссия 2007-жылдын 1-февралында түзүлгөн. Депутат Самаков парламенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери 8 кишиден 66 кишиге көбөйгөнүн айтып, муну палатанын отурумунда кароону жана тиешелүү жыйынтык чыгарууну сунуштаган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG