Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

ОРУСИЯДАГЫ РЕГИОНАЛДЫК ШАЙЛООДО «БИЙЛИК ПАРТИЯСЫ» АЛДЫГА ЧЫГААРЫ АНЫК


Төрөкул Дооров, Москва 11-мартта Орусиянын 14 регионунда жергиликтүү парламенттик шайлоо өткөн. Шайлоонун соңку жыйынтыктары азырынча расмий түрдө жарыялана элек. Анткен менен алгачкы жыйынтыктар көрсөткөндөй, бул жолу жергиликтүү парламенттер негизинен өкмөттүк «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаттары менен куралаары анык эле болуп калды.

Регионалдык шайлоо өлкөнүн 14 регионунда өткөн болсо, анын ичинде 13 башка региондо Орусиядагы «бийлик партиясы» атыккан «Бирдиктүү Орусия» жеңишке жетишкен өңдүү. Бир гана Ставрополь крайында «Акыйкат Орусия» деген жаңы бир «бийлик партиясы» алдыга озунуп чыгыптыр. Анткен менен Ставрополдогу жергиликтүү парламенттин 50 депутаттык орунунун 15и баары бир «Бирдиктүү Орусияга» берилет, анткени анын депутаттары бир мандаттуу округдарда ийгиликке жетише алышты. 12 орунду «Акыйкат Орусиянын» депутаттары ээлемей болду.

Ошентип, «Бирдиктүү Орусия» азыр 14 региондо тең кеңири колдоону таап, депутаттарын жайгаштыра алган жалгыз партия болуп калышы ыктымал.

Орусиянын шайлоо боюнча мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алганда, Кремлдин колдоосуна ээ дал ушул партия баардык жерде басымдуулук кылып жатканы деле түшүнүктүү. Анткени партиялар азыр мыйзам чыгаруу органдарына өтүшү үчүн кеминде мурдагыдай 5% эмес, 7% добушту топтой алышы керек. Андан сырткары азыр бюллетендерден «баарына каршы» деген бөлүк алынып салынган, ошондой эле шайлоону өттү деп эсептеш үчүн талап кылынуучу шайлоочулардын саны мурдагыдан кемитилген.

Булардан сырткары, «Бирдиктүү Орусия» дээрлик бүт жерде административдик ресурсту кеңири колдонгону кабарланып жатат.

Мунун баары аз келгенсип, айрым партияларды кээ бир региондордогу шайлоого катыштырбай коюшканында да саясий өңүт бар экени айтылып жатат. Мисалы, «Яблоко» партиясы Санкт-Петербургда дайыма колдоого алынып келген болсо, бул жолу дал ушул шаарда «аталган партия жетиштүү кол топтой алган жок» деген айып менен шайлоого катыштырылбады.

Акыр аягында, төрт партия гана – «Бирдиктүү Орусия, «Акыйкат Орусия», коммунисттик жана либерал-демократиялык партиялар – баардык 14 региондо шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Байкоочулардын баамында, регионалдык шайлоо учурунда Кремль, жок эле дегенде, «демократиялык шайлоого» окшошураак тандоо өткөрүш үчүн «Бирдиктүү Орусияны» «Акыйкат Орусия» менен атаандаштырып көрсөткөнү күлкүлүү эле болду. Анткени эки партия тең президент В.Путиндин саясатын колдошот. Болгону «Акыйкат Орусия» өзүн көбүрөөк солчул партия катары көрсөтүп, коммунисттердин добуштарын өзүнө имерүүгө аракет кылып жаткандай.

11-мартта өткөн регионалдык шайлоодо көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан окуя – либералдык баалуулуктарды жактаган Оңчул Күчтөр Биримдиги (СПС) партиясынын ийгилиги болду окшойт. Эгерде ушундай эле мүнөздөгү «Яблоко» партиясы көпчүлүк региондордо тийиштүү сандагы добуштарды топтой албай калган болсо, СПС Коми республикасында, Ставрополь крайында, ошондой эле Ленинград, Самара жана Томск облусттарында 7% тосмону ашып өтө алды.

СПСтин лидери Никита Белых билдиргендей, дагы кээ бир региондордогу жыйынтыктар боюнча текшерүүлөр болушу керек.

- Мисалы, Москва, Орлов жана Омск облусттары боюнча биз өзүбүз жүргүзгөн эсеп менен расмий жыйынтыктар ортосунда айырмачылыктар бар. Бул боюнча биз Борбордук Шайлоо Комиссиясына, Башпрокуратурага тийиштүү доо-арыз менен кайрылдык. Андыктан, биз аларга жиберген аргументтер, так текшерилген фактылар эсепке алынып, добуштарды туура эсептөөгө таасир эетет го деген үмүттөбүз, - деди 13-мартта СПСтин лидери Никита Белых.

Көптөгөн саясий байкоочулар регионалдык шайлоону ушул жылдын этегинде Мамдумага өтчү шайлоого «даярдык» деп атап жүрүшөт. Анысы чын болсо, келерки Мамдумада оңчул саясий күчтөр да пайда болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG