Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:50

17:24 Жалалабат: коррупция бала-бакчадан тартып бардык бийлик бутактарына чейин жайылган


«Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы» аттуу коомдук бирикме Жалалабатта жергиликтүү кенеш депутаттарын окутту. Облустун район-шаарларынан келген депутаттар өз милдет-укуктарын жана жергиликтүү кенештердин бюджетин туура пайдалануунун жол-жоболорун окуп үйрөнүштү. Жогорку Кенеш талкууланып жаткан эки баскычтуу бюджет кабыл алынса, айыл өкмөттөр андай шартта иштей алабы деген маселе козголду. Семинар-талкууда айтылгандай, коррупция төрөт үйлөрүнөн, балдар бакчаларынан тартып бийлик бутактарына, бардык тармакка жайылган. Жемкорлукту азайтуу үчүн ага каршы күрөштү төмөңдөн, жергиликтүү кеңештерден баштоо керек. Ал үчүн кеңештердин жылдык чыгымы туура эсептелип, мыйзамдуу сарпталышы семинарда баса белгиленди.(YA)

XS
SM
MD
LG