"Камеко" корпорациясынын өкүлдөрү менен алгач биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов февраль айында Москвада, андан кийин Стамбулда сүйлөшүүлөр жүргүзгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча так маалымат берилбей, болгону кыргыз тарап Кумтөрдөн көбүрөөк пайда көрүүнү каалап жатканы айтылган.
«Кыргызалтындын» башчысы Алмаз Жакыповдун шаршембидеги «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, дүйшөмбү күнү Камеконун вице-президенти менен өкмөт башчы Азим Исабеков Бишкекте сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда канадалыктар Кыргызстанга "Центерранын" 6.5 миллион даана акциясын кошумча берүүнү сунушташкан. Ал сунушка өкмөт башчы Азим Исабековдун жообун Алмаз Жакыпов мындайча билдирди:
"Премьер-министр жолугушууда "Камеко" өкүлдөрүнө айтты, сунуштардын параметрлерине биз канааттанган жокпуз деп. Ошондуктан силер ойлонуп туруп, кагаз түрүндө сунушуңарды берсеңер деп сунуштады".
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын "Центерра" компаниясында 34 миллион даанага жакын акциясы бар. Ал жалпы "Центерранын" акцияларынын 16% жакынын түзөт. Ошондуктан 6,5 миллион акция анча деле көптү түзбөйт. Ошого байланыштуу кыргыз тарап сунушталып жаткан акциянын санына канааттанган эмес.
Бирок "Центерранын" айланасындагы чыр-чатактардын чыгышы анын акцияларынын баасынын төмөндөшүнө алып келүүдө, дейт Жакыпов. Анын эсеби боюнча, февраль айынын башында Кыргызстандын
"Центеррадагы" 15.66% акциясынын баасы 385 миллион АКШ доллары болсо, азыркы күнгө карай анын баасы 306 миллион АКШ доллары болуп калды:
"Акционерлер, инвесторлор да тынчсыздана башташты. Ошондуктан "Центерранын" акциясы 10.6 канада долларына түшүп кетти. Биздин активдин баасы 385 миллион доллар эле, азыр 306 миллион доллар болуп калды".
Жогорку Кеңештин депутаты Болот Марипов сунушталып жаткан акциялардын санын өтө аз деп баалап, эгерде Кумтөрдөн "Камеко" менен биргеликте олуттуу пайда көрө албасак, анда кенди мамлекетке кайтаруу зарылдыгын билдирген.
Депутаттар Карганбек Самаков, Арсланбек Малиев да ушундай пикирде болууда. Жогорку Кеңештин алтын комиссиясынын төрагасы Болот Шерниязов Кумтөрдү иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгын тез арада парламентте кароону сунуштоодо:
"Эгерде бүт материалдардын анык-айкындыгын билгиңиздер келсе, анда Кумтөрдүн маселесин күн тартибине киргизүүнү тездетип берсеңиздер. Бул жерде эмоция, амбициянын кереги жок. Өкмөт да, парламент да Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштеш керек. Бул жерде саясий чайкоочулуктун кереги жок".
Бир катар саясий ишмерлер, депутаттар 2003-жылы 31-декабрда "Центерраны" түзүүнү көз боемучулук катары баалашып, мурунку келишимдин негизинде Кумтөрдөгү Кыргызстандын 70% акциясы ордуна келтирилиш керек деген пикирде болууда.
Бирок "Камеко" менен кыргыз тараптын сүйлөшүүлөрү эмне менен аяктайт, азырынча болжоп айтуу кыйын.