Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 12:47

15-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Тынай бий уулу Атаке баатырдын элчилерин Екатерина II тарабынан кабыл алыныш салтанаты, 1786-жылдын 15-мартында камер-курьер журналында жарык көргөн. Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу комитетинин биринчи сессиясы 1927-жылдын 15-мартында ишин баштады.

Тынай бий уулу Атаке баатыр 1875-жылдын 23-августтунда Россия императору Екатерина II кат жолдогон. Атаке баатырдын катын кыргыз элчилери Абдрахман менен Шергазылар жеткиришип, аларды императрица Екатерина II кабыл алган. Кыргыз элчилигинин Екатерина II тарабынан кабыл алыныш салтанаты 1786-жылдын 15-мартында камер-курьер журналында жарык көргөн. Екатерина II вице-канцлер Иван Остермандын коштоосу менен чет элдик министрлер менен жолугушуп, андан кийин кыргыз элчилиги менен сүйлөшүү өткөргөн. Жолугуу учурунда кыргыз элчилиги императицага Атаке баатырдын белектерин тапшырышкан.

Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу комитетинин биринчи сессиясы 1927-жылдын 15-мартында ишин баштады.

Кыргызстандагы жеңил өнөр жайдын ыкчам өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында билимдүү адистерди тарбиялоо маселеси күн тартибине коюлган. Ал үчүн билим берүү тармагын өстүрүү иши кошо каралган. Кыргызстан жетекчилиги борбор шаарда жеңил өнөр жайы боюнча кечки техникум ачуу маселесин оң чечип, окуу жай 1954-жылдын 15-мартында салтанат менен ачылган.

Кайра куруунун эпкини менен башкаруу бийлик системасында өзгөрүүлөр жүрүп, 1990-жылдын 15-мартында Фрунзе шаардык кеңешинин төрагалыгына шайлоо өткөрүлдү. Шайлоого Улукбек Чыналиев менен Амангелди Муралиев атсалышып, Амангелди Мурсадыкович 55 добуш топтоп, Фрунзе шаардык кеңешинин төрагалыгына шайланды.

Кыргыз валютасын колдонууга киргизгенге чейин даярдык иштери жүргүзүлүп, акча Улуу Британияда басылган. Кыргыз жетекчилиги жана банк адистери 1993-жылдын 15-март күнү «Манас» аэропортуна конгон Ил-76 жүк ташыгыч самолетун тосуп алышты. Ил-76 Кыргызстанга 90 тонна кыргыз валютасы-сомду жеткирди.

Кыргыздын көрүнүктүү сүрөтчүсү, Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Сабырбек Акылбеков 1914-жылдын 15-мартында жарык дүйнөгө келген. Сабырбек Акылбековдун киндик каны Панфилов районунун Кумарык айлына тамган. Москва шаарындагы «1905-жыл эстелиги» атындагы сүрөт техникумун 1939-жылы бүтүрүп, адегенде С. А. Чуйков, В. В. Образцов, Н. П. Крымов, П. И. Петровичтен таалим алган. Сүрөтчүнүн биринчи чыгармасы 1939-жылы тартылган «Колхоздун короо жайы» аталып, ал адистер арасында татыктуу баасын алган.

Бу күнү 1933-жылы котормочу Сагын Наматбаев, 1934-жылы акын Тургуналы Молдобаев, 1940-жылы таанымал жазуучу Мелис Абакиров, 1942-жылы акын Сатыбалды Кадыров жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG