Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

14:23«Арнамыстын» Сүлүктү шаарындагы мүчөлөрү партиядан чыккан эмес


Мындай билдирүүнү партиянын Түштүк регион боюнча координатору Бөдөш Мамырова бүгүн жарыялады. Анын айтымында, айрым маалымат каражаттарында, “Арнамыстын” Сүлүктү шаардык бөлүмүндөгү 200дөн ашуун мүчөсү партиядан чыгуу тууралуу арыз бергени маалымдалган. Бирок ал чындыкка дал келбейт. Болгону партиянын Сүлүктү шаардык бөлүмүнүн башчысы Д. Кулдашев мамлекеттик кызматка өткөндүгүнө байланыштуу убактылуу партияга мүчөлүгүн токтоткон. (AiT)

XS
SM
MD
LG