Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

АКШнын ИРАКТАГЫ ЭЛЧИСИ БИРИККЕН УЛУТТАРДАГЫ ӨКҮЛ БОЛУП КОТОРУЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 15-март күнү америкалык Сенат өлкөнүн Бириккен Улуттардагы өкүлү кылып Залмай Халилзадды дайындоо маселесин караштыра баштады. Сенаттагы талкууда Ирак жана жалпы эле Жакынкы Чыгыштагы абал дагы кеңири каралды.

Залмай Халилзад 2005-жылдын июнунан бери АКШнын Ирактагы элчиси болуп иштейт жана ага чейин Ооганстандагы америкалык элчи болгон. Президент Жорж Буш аны эми АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү болууга көрсөттү жана эксперттердин пикиринде, Сенаттын Тышкы байланыштар боюнча комитетинде 15-март күнү башталган талкуу Халилзад үчүн ийгиликтүү аяктайт.

Буга чейин Бириккен Улуттардагы америкалык өкүл болуп Жон Болтон иштеген, бирок 2005-жылы ал кызматка көрсөтүлгөндө, Сенат комитети аны бекитпей койгон жана Конгресс жайында эс алууга чыкканда, президент аны Сенаттын жактыруусун албастан дайындаган. Былтыр ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Республикалык партия утулгандан кийин Болтон өз кызматынан чегинди.

Халилзаддын талапкерлиги талкууланганда болсо, Сенат комитетине мүчө болуп кирген Республикалык дагы, Демократиялык да партиялардын өкүлдөрү аны колдоого алды. Дипломаттын айтымында болсо, эгер ал бекитилсе, Бириккен Улуттар Уюму аркылуу Ирак, Ооганстан, Ливан жана жалпы эле Жакынкы Чыгыштагы абалды оңдоого бардык күчүн жумшайт. Андан тышкары, Африканын Дарфур аймагындагы алаамат, Ирак маселесин чечүүгө кошуна мамлекеттер Иран жана Сирияны тартуу, Түндүк Корея менен Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселелерди жөнгө салуу өтө маанилүү.

Аны менен катар Бириккен Улуттардын өзүн реформалоо үчүн дагы чечкиндүү аракеттер көрүлүш керек жана андай максатка жетиш үчүн АКШ уюмдун казынасына төккөн төлөмдөрдү токтотууга чейин да барса болот, деди Халилзад. Сенаттагы угуу учурунда Ирактагы абал өзгөчө талкууланды жана Халилзад - америкалык аскерлерди өлкөдөн мезгилинен эрте чыгарып кетүү абалды ого бетер татаалдаштырышы мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, Ирактын өзүнүн куралдуу күчтөрү менен полициясын машыктырып, алар өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылууга өздөрү жөндөмдүү болгон абалга жеткенче сөзсүз сырткы жардам керек.

Ошол эле 15-март күнү Вашингтонго Ирактын вице-президенти Адил Абд ал-Махди да келген жана ал президент Буш менен жолукканда, өлкө өкмөтү бул багытта катуу иштеп жатканын билдирди: "Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча планды аткарууда биз бир топ ийгиликке жеттик. Иш бүтө элек, бирок биз ал планда каралган мөөнөттөн алдыда баратабыз. Албетте, аны менен бардык маселелер чечилип кетпейт, ошондуктан өлкөдөгү абалды калыбына келтирүү жана касташкан тараптарды элдештирүү үчүн биз бардык аракеттерди көрөбүз", - деди Махди.

Залмай Халилзаддын айтымында болсо, Ирактагы абалды калыбына келтирүү ишине Бириккен Улуттар дагы өз салымын кошууга тийиш. 2003-жылы Багдадка каршы согуш башталаар алдында Бириккен Улуттар аны колдобой койгон жана кийин 2003-жылдын августунда уюмдун атайын өкүлү Сержио Виейра де Мелло Багдад шаарында террордук аракеттен курман болгондон кийин Ирактын иштерине Бириккен Улуттар ченелүү деңгээлде гана катышып калган.

XS
SM
MD
LG