Навада эртең президенттик шайлоо өткөрүлө турган болсо, беларусиялыктардын 51% Александр Лукашенкого өз добушун бермек. Бул – январдын этегинде социо-экономикалык жана саясий окуулар Институту жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы.
Сурамжылоо Беларус менен Орусия ортосунда жаратылыш газынын айынан тутанган жаңжал кичине басаңдай түшкөн учурда жүргүзүлгөн. Көгүлтүр отун чатагы Александр Лукашенконун Орусия менен алакадагы ийилгис саясатын бир топ эле оор абалда калтыргандай өңдөнгөн эле. Анын үстүнө буга чейин расмий Минскти эларалык коомчулук алдында коргоого алып, ага газды эң арзан баада сатып келген Москва мунун баарынан баш тарта турганын жарыялаган.
Ошондон бери Орусия менен алакаларда эмне өзгөргөнү тууралуу беларус президенти февралда «Ройтерс» маалымат агенттигине айтып берген болчу. Анда Лукашенко «Орусиянын империялык мүнөзү улам өсүп баратканын» айтканы бар.
Бирок Беларусия орус газын мурдагыдан кымбатыраак баада сатып ала баштагандан бери жөнөкөй атуулдардын өкмөткө карата мамилеси өзгөрдүбү? «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген беларусиялык аналитик Витал Силицкийдин ишениминде, бүгүн А.Лукашенко кандайдыр бир социалдык төңкөрүшкө дуушар болот деген өңдүү коркунуч күтүлбөйт.
- Беларус коомунда азыр бийликке суроолор, анан ар кандай арыздар көп. Бирок, менимче, ал баары бир чоң нааразылыкка өсүп жетилбейт, анткени беларус коому мамлекет тарабынан таңууланган «социалдык контрактты» тааныйт жана аны кабыл алат, - дейт жергиликтүү аналитик Витал Силицкий.
««Социалдык контракт» - мамлекет менен коом ортосундагы жазылбаган келишим. Ага ылайык, өкмөт элге экономикалык жана социалдык өсүштү камсыз кылышы керек, буга жооп иретинде эл өкмөттүн саясатына макул экенин билдирет», - деп түшүндүрөт Силицкий.
Эгер орус газы кымбаттаган сайын жөнөкөй беларусиялыктардын жашоо деңгээли төмөндөп кетсе, алар өз өкмөтүнө каршы нааразылык билдирүүгө даярбы? Жакында социо-экономикалык жана саясий окуулар Институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, беларусиялыктардын 23% гана мындай учурда көчөгө чыгып, наарызылык билдирем деп жооп берген. Ал эми 67% эч кандай наарызылык акцияларына чыкпай турганын билдириптир.
Беларусиялык саясат таануучу Уладимир Падхолдун пикиринде, азыр нааразылык билдирүүгө даяр тургандардын саны өтө эле аз болгондуктан, жакынкы мезгилдерде өлкөдө эч кандай саясий толкундоолор деле болушу мүмкүн эместей. Анын үстүнө өкмөт тез аранын ичинде ошол наарызылыгын билдирүүгө даяр тургандардын саны жогорулабашы үчүн бүт аракетин көрөт.
- Элдин жашоо деңгээли эки эсеге начарлап кеткен күндө деле нааразылык билдирүүчүлөрдүн саны өспөйт. Анткени өкмөт ошол эле замат: «Мына, баарына орусиялык олигархтар күнөөлүү», - деп кыйкырып чыгат. Бул – орус жетекчилиги тарабынан колдонулуп, текрешүүдөн өткөн метод. Ага ылайык, режим жашоо деңгээлдин төмөндөгөнүнө кубатуулук себеп деп билет, - дейт Уладимир Падхол.
Беларус буга чейин орус газынын ар бир миң куб-метри үчүн 46 АКШ долларынын тегерегинде акча төлөп келген. Бирок быйылкы жылдын башынан тарта Орусия газдын ар бир миң куб-метрин Беларуска 100 доллардан сата турганын жарыялады.