Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Т. БАКИР УУЛУ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭҢ ЧОҢ КЕМЧИЛИГИ, КАДР САЯСАТЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Ишемби күнү Бишкектеги тарых музейинде «Эркин Кыргызстан» (ЭрК) партиясынын XIII курултайы болуп, анда Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоого Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун талапкерлиги Отузадыр шайлоо округуна көрсөтүлдү. Ал эми Акыйкатчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым өкүлү Чолпон Осмонованын талапкерлиги Кемин шайлоо аймагына көрсөтүлдү. Курултайдын айрым катышуучулары өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча пикирлерин билдиришип, Жолдошбек Алиевди “ЭрК” партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу кылып шайлашты.

Эркин Кыргызстан партиясынын курултайын ачып жатып партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Жолдошбек Алиев, аталган партиянын мүчөлөрү 24-марттагы ыңкылапка активдүү катышканын,азыркы бийлик элдин талабын аткара албай жатканына токтолду.

- Ыңкылап болду. Бирок ыңкылап деп атоого кыйын. Эми ыңкылап жасагандан кийин заман өзгөрбөй калды. Система ошол бойдон калды.

Жолдошбек Алиев белгилегендей, «Эркин Кыргызстан» партиясы 1991-жылы Кыргызстанда биринчи болуп уюшулуп, юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. «ЭрК» партиясынан тажрыйба алышып, бир нече саясатчылар өздөрүнчө партия түзүп кетишкен. Алардын арасында «Атамекен», «Эркиндик» партиясынын лидерлери бар.

Курултайга келген «Эрк» партиясынын мурдагы жетекчиси, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу өлкөнүн азыркы кырдаалына көз карашын билдирип, азыркы бийлик реформаларга чечкиндүү кадам жасабай жатканын белгиледи.

- Ар бир жаңы келген жетекчи «мамлекеттик казынаны толтурам, ашыкча керек эмес нерселер менен күрөшөм», дейт. Жолдору бир эле, мамлекеттик атка минерлердин санын азайтам дейт. Бирок, өкүнүчтүүсү бюрокртаттардын санын көбөйтүп жатат. Эгерде акыл эсине карабай, тажрыйбасына карабай, «акмак» болсо деле, өзүмдүн уруума, өзүмдүн жердешим деп кызматка кое берсе эзели Кыргызстан оңолбойт. Кыргызстандын азыр эң чоң кемчилиги кадр саясатынын аксагандыгы, -деди Турсунбай Бакир.

«Эрк» партиясынын төрага орун басары Зуура Үмөталиева учурда агартуу тармагындагы кемчиликтерге, гендердик саясатка көңүл бурулбай жатканына, өкмөт энергетика саясатын туура эмес жүргүзүп жатканына токтолду.

Ал эми «Эрк» партиясынын мүчөсү Эркин Жарматов азыркы жогорку бийликте дагы эле мурдагы бийликтегилер отурганына нааразы болду:

- Таш ийилип кум болот, ташбакалар баш болот. Кум ийилип таш болот, кум-сиркелер баш болот», деген кеп бар. Бизди он жылдан ашуун таш бакалар бизди бийледи. Эми ошол таш бакалардан арылбаганыбызга күйөм да.

«Эрк» партиясынын делегаттары Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоого Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин Отузадыр шайлоо округуна, Кемин шайлоо аймагына Акыйкатчынын Жогорку Кеңештеги ыйгарым өкүлү Чолпон Осмонованын талапкерлигин көрсөтүшүп, бир добуштан колдошту.

Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчынын төрагалыгын жакын арада бошотуп берерин, ал кызматка Акыйкатчынын аппарат башчысы Б.Сабированын жана Акыйкатчынын парламенттеги атайын өкүлү Ч.Омонованын талапкерлигин сунуштай тургандыгын билдирди. Ал ошондой эле, 1-апрелде Жогорку Кеңеште Акыйкатчынын бир жылдык отчетун бергенден кийин, ээлеген кызматынан толук кетерин маалымдады.

XS
SM
MD
LG