“Ата мекен” партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Эркин Алымбеков, депутат Карганбек Самаков, ишкер Өмүрбек Абдырахмановдор баштаган саясатчылар Балыкчы шаарынын маданият үйүндө өтчү биринчи жыйынды эшиктен башташты. Депутат Болот Шерниязов жергиликтүү бийлик имаратка кирүүгө уруксат бербей койгонун жана 731 тонна алтын жаткан Ысыккөл өрөөнүн бийликтегилер пайдаланып жатканын белгилеп, буларды айтты:
- Бизди сыйлабай эле койгула. Мен силердин мэриңердин үйүңө же акимиңердин үйүнө конокко келген жокмун. Мен бул жакка “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү менен эл менен жолугушайын деп келдим. Эмне үчүн бизди сыртка тургузуп коюшту. Кыргызстанда өзүбүздүн ата мекенибизде кыргыздардын орду каякта болуп калды. Унчукпай койсок жакында кыргыздар көчө шыпырган улутка айланат. Көрүп жатасыздар Москвадагы көрүнүштү,- деди Болот Шерниязов.
Акаевге тиешелүү 186 обьектини элге кайтарып берүү убадалары аткарылбай келе жатканын кошумчалаган Болот Шерниязовдун сөзүн Өмүрбек Текебаев улады:
- Азыр бийликте реформа жүргүзүп, жеке адамдын бийлигинен четтеп, бир үй бүлөөнүн үстөмдүгүн жоготуп, бийликте адилет, баланс сакталган системаны түзүш керек деген ойдобуз. Буга “Реформа кыймылы” менен "Фронттун" көз карашы дал келет. Бирок, анча мынча мөөнөттөрү боюнча айырмачылыктар бар. Бирөө бүгүн эле кетирип жиберели дейт. Ал эми “Реформа” болсо бир, эки ай убакыт берели, ойлонсун дейт. Андай убакытты коюшту. Ал 10-апрель. 10-апрелге чейин этек жеңин жыйып, бир чечимге келсин деген сунушту “Реформа кыймылы” жакында билдирди. Эгерде ал белгиленген мөөнөткө чейин сунуштар аткарылбаса, “Реформа кыймылы” дагы балким фронттун талаптарын толугу менен колдоп чыгат, - дейт Өмүрбек Текебаев.
Ал эми ишкер Өмүрбек Абдырахманов болсо апрель митингинин максатын төмөндөгүдөй чечмеледи:
- Жакында Кыргызстан боюнча митинг өткөргөн жатабыз. Ошонду президенттик шайлоо жакында болсун. Бул киши кетсин. Иштей албай калды деп айтып жатабыз. Бакиевдин калпычылыгын, уурулуктарын билебиз. Ошону элге айтып жатабыз, - дейт Өмүрбек Абдырахманов.
Депутат Карганбек Самаков “Ата мекен” партиясынын лидерлери ар кайсы өрөөндүн кулундары экенин, алар чогулуп, атайын түндүк-түштүк маселесин жоюуу үчүн бириккенин чечмеледи. Депутаттарга Балыкчы шаарынын тургундары көп көйгөйлөрүн белгилеп, айрыкча суу үчүн уюштурулган марафондон түшкөн 650 миң сомдун дайынсыз жоголгонуна нааразыланышты.
-“Аман банкта” эч нерсе жок. Бакиев президентикке келип шайланып жатканда Куловдун артына туруп алып, шайланып келсем биринчи жолу ушул жакка келип бардык маселеңерди чечем деген, - дейт Карганбек Самаков.
Тартипсиздик жана элдин турмушу өлкө башчысынын саясатына көз каранды экендиги белгилеген балыкчылыктарга Өмүрбек Абдырахманов мындай жооп айтты:
- Эгер силер макул болсоңор. Силер бул жерден мэриңерди кетиргиле. Чогулуп алып. Эгер кетире албасаңар ушинтип мөгдүрөп жашай бергиле, - деди Өмүрбек Абдырахманов.
Ал эми жергиликтүү элдин Балыкчы шаарында Кумтөр жүк ташуу базасы жана укук коргоо органдары боюнча дооматтарына Жогорку Кеңештин төрага орун басары Эркин Алымбеков атайын депутаттык текшерүү келээрин убада кылды. Ошентип, бул жыйынга эки жүздөн ашык киши катышты. Ал эми жамгырда имарат бербей койгон жергиликтүү бийлик болсо уюштуруучулар аларга расмий кайрылбагандыгын билдирди.