Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

ДЕМ АЛЫШ КҮНДӨРҮ ООРУГАН КОРКУНУЧТУУ


Жүрөк талмасы дем алыш күндөрү кармаган адамдар өмүр менен кош айтышуу коркунучуна көбүрөк дуушар болушат. Мунун себеби эмнеде?

Америкадагы New England Journal of Medicin басылмасынын айтымында, жүрөк талмасына апта соңунда кабылган адамдар башка ооруканага иш күндөрү келип түшкөн адамдарга караганда өлүм коркунучуна көбүрөөк дуушар болушат. Бул дем алыш күндөрү иштеген доктурлардын саны азыраак болгондуктан, пациенттин өмүрүн сактап калуу үчүн операция сыяктуу чукул чара көрүүгө мүмкүнчүлүк чектелүү болгондугу менен түшүндүрүлөт.

New England Journal of Medicin журналынын айтымында, апта соңунда ангиопластикалык операциялар кеминде 30 процентке азыраак жасалат. Ангиопластика бул тамырларга кан түйүлдүктөрү тыгылып, артерия аркылуу кан жүрбөй калганда өткөрүлүүчү татаал процедура. Анын жардам менен бүтүп калган кан тамырларын ачып, кан жүргүртүүнү нормалдаштырса болот. Бирок бул процедураны адис гана аткара алат.

Адатта күндүз иштеген адистер жумуш күнү бүткөн соң үйлөрүнө кетип, алардын ордуна кечинде жана түн ичинде иштөөчү адистер келишет. Ушундай эле жагдай дем алыш күндөрү кайталанат, дейт Бостондогу Partners Health Сare System журналынын редактору Томас Лии.

Мындай нөөмөт алмашуу жүрөк оорууларына келгенде өзгөчө кыйын жагдайды түзөт, анткени жүрөк талмасы кармап келген адамдарды аман сактап калуу үчүн чукул кийлигишүү зарыл болот.

-Кыйла учурларда оперативдик кийлигишүүнү дүйшөмбү күнгө калтыргандан пациент зыян тартпайт. Бирок миокарда инфаркты сыяктуу диагноз токтоосуз чараларды талап кылат ,-дейт Ли.

Пациентке күндүр –түндүр, иш же дем алыш күндөргө карабастан бирдей жардам берүүнү камсыз кылуу оңой эмес. Жалаң түнкүсүн же болсобо күндүр-түндүр операция жасай турган медиктер бригадасын түзүү үчүн кошумча каражат керек, айрым региондордо болсо андай кошумча бригадаларды түзүү үчүн тийешелүү даярдыгы бар адистер жетишпейт. Андай топторду түзгөн күнү да пациентерди дарылоо кыйла кымбаттайт. Ал эми кардиологдорго медик антын эстетип, аларды керек болгондо түнкүсүн да штөөгө милдеттендирүү- каалагандай натыйжа бербейт. Медиктин кайрымдуулугу менен адамкерчилигине ишенгенден көрө анын ишин башкача уюштуруу керек, дейт Томас Ли.

Бул жерден бандамада АКШ медиктери жөнүндө гана сөз болуп жатканын кыстара кетели.


Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG