Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

ИРАНДЫКТАР ЭМНЕДЕН КООПТОНОТ?


21-мартта ирандыктар адаттагыдай Нооруз майрамын белгилешет. Көптөгөн ирандыктар үчүн Нооруз жылдын эң чоң майрамы. Элдер жаңы кийимдерин кийип, майрамдык стөлүн С тамгасы менен башталган жети буйум менен жасалгалашат. Бирок быйылкы майрамдык маанайга АКШ менен Израиль Иранга сокку урабы деген кооптонуу көлөкө түшүрүүдө.

Бул жолу ирандыктардын көңүлүн АКШ менен Израиль сокку урабы деген түпөйүл ой түйшөлтүүдө. Ирандын мекеме жетекчилеринин бири Азаттыкка берген интервьюсунда өлкөнүн көптөгөн жарандары Улуттар уюмунун жаңы санкцияларынан кооптонуп турушканын билдирди. Уран байытууну токтотпогондугу үчүн Улуттар уюму Иранга каршы киргизилеген санкцияларды күчөтүшү ыктымал.

"Адамдар өлкөдөгү экономикалык абалга тынчсызданып турушат. Баардык нерсе кымбаттады, эгерде санкциялар киргизиле турган болсо ишканалар жабылып, баалар мындан да жогорулайт",- дейт Мери.

Батыш мамлекеттер Иранга каршы киргизиле турган санкциялар Иран элине каршы эмес, Иран өкмөтүнүн өзөктүк программа боюнча турумун өзгөртүү максатын көздөп турганын баса белгилешет. Бирок карапайым ирандыктар санкциялардан саясатчылар эмес эле, жөнөкөй жарандар жабыр тартат, дешет. Айрым ирандыктар болсо АКШнын түздөн- түз кол салуусунан кооптонуп турушат.

Бул кооптонууларга Иран маалымат агенттиктеринин чет элдик маалымат булактарында таратылып жаткан имиш- божомолдорду басып чыгарып жатканы да кошул - ташыл болууда. Катардагы ирандыктар АКШ андай сокку уруу үчүн ар убак шылтоо табат, деген пикирде.

Кооптонууга бийликтердин АКШ Иранга сокку урушу мүмкүн деген жоромолдору отко май тамызып жатат. Эгерде мурда кол салуу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар төгүнгө чыгарылып же болбосо көңүл сыртында калтырып келген болсо, азыр бийлик андай сокку менен АКШ Иранды өзөктүк программасынан баш тарттыра албай турганын кайталоодо.

Өткөн шаршембиде Ирандын атомдук энергия боюнча жооптуу кызматкери Али Лариджани Иран андай соккуга тийешелүү жоооп кайтарат, деп кесенди. Ал эми Ирандын диний лидери Али Хаманейи андай соккуга Иран дүйнөнүн кайсы болбосун бурчунда тийешелүү жооп кайтарат деп айтты.

XS
SM
MD
LG