“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронт лидерлеринин чакан жыйыны жабык эшик артында өттү жана анда каралган маселелер тууралуу кеңири маалымат таратылган жок. Аталган фронттун маалымат катчысы Азамат Калмандын “Азаттыкка” билдиргени боюнча жыйынга фронттун жетекчиси Феликс Кулов, штаб башчылары Өмүрбек Субаналиев, Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов жана Кабай Карабеков катышты. Анын айтымында, Бириккен фронт “Реформа” кыймылы менен кызматташуу тууралуу маселе да каралды, бирок штаб кандай тыянакка келгени тууралуу айтылган жок. Азамат Калман оппозициялык эки кыймылдын биригүүсү толук ыктымалдыгын айтты:
-Биригүү тууралуу сунуш “Реформа үчүн” кыймылы тараптан да, Бириккен фронт тарабынан да айтылууда. Жакын арада ачык белгилүү болот.
Кечээ “Реформа үчүн” кыймылынын саясий кеңеши чогулуп, жабык эшик артында жыйын өткөргөн эле. Анда президент менен күтүлүп жаткан жолугушууга баруу маселеси көтөрүлүп, кыймылдын мүчөлөрүнүн пикирлери эки ача бөлүнгөн. Кээ бирлери президент буга чейин да берген убадаларына турбагандыгын белгилеп, жолугушууга баруунун кереги жок деп айтышса, кай бирлери жолугушууга барып, президентке “реформачылардын” талаптарын тапшыруунун зарылдыгын колдоп чыгышкан. Жыйынга чейин аталган кыймылдын мүчөсү Темир Сариев президент менен жолугушуп чыккан эле. Темир Сариев мамлекет башчысы оппозициянын талаптары боюнча сүйлөшүүгө даяр экендигин, бир гана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабына каршы экендигин айткан. Ал эми “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту апрелге белгиленген митингде башкы талап катары чукул президенттик шайлоону атоодо. Аталган фронттун маалымат катчысы Азамат Калмандын сөзү боюнча фронт президент менен жолугушуу, сүйлөшүүлөргө барбайт:
- Фронт бир гана талап койгон. Бул – мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү. Ага президент макул болбогон соң, эч кандай жолугушуу болуусу мүмкүн эмес. Бул фронттун жетекчиси Кулов менен штабдын башчысы Өмүрбек Субаналиевдин ою,- деп билдирди Азамат Калман.
Ал эми “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Алмазбек Атамбаев президентке реформа жасоого мүмкүнчүлүк берүү керек деген пикирде.
Алмазбек Атамбаевдин оюна пикирлеш сөзүн Бириккен фронттун багытын колдогон “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси, “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев Балыкчыдагы эл менен жолугушууда билдирип, 10-апрелге чейин президент реформа жасабаса, кыймыл фронттун талаптарын толугу менен колдоо ыктымалдыгын белгилеген. Ал эми аталган кыймылдын дагы бир мүчөсү Азимбек Бекназаров кыймыл “Бириккен фронт” менен бирикпейт деген көз карашта:
-Биз буга чейин да эки-үч жолу билдирүү таратканбыз. “Реформа үчүн” кыймылы өзүбүздүн жол менен кетебиз. Фронт менен бирикпейбиз,- дейт Азимбек Бекназаров.
Айрым байкоочулар “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрүн жолугушууга чакырып, сүйлөшүүлөргө баруу менен президент оппозицияны ич ара жиктөө саясатын жүргүзүп жатат деген ойлорун айтышууда. Алардын айтымында эгер оппозициячыл эки кыймыл минтип эки жээкте тура берсе, жакын арада “реформачылардын” катары суюлуп кетиши да ыктымал.