Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага 20-март күнү Вашингтон шаарында Пентагондун генералы журналисттер менен жолугуп, Ирактагы америкалык аскерлер акыркы мезгилде көрүп жаткан аракеттер жыйынтык бере баштады деп билдирди. Аны менен катар, генералдын айтымында, лашкерлер дагы жаңы ыкмаларды колдонууга киришти.

Пентагондун карамагындагы АКШ Аскерий күчтөрүнүн биргелешкен ордосунун бөлүм башчысынын орун басары генерал Майкл Барберо 20-март күнү Вашингтон шаарында журналисттер менен жолугуп, Ирактагы акыркы абал жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, өлкөдөгү америкалык аскерлер жана Ирак өкмөтүнүн куралдуу күчтөрү акыркы апталарда ийгиликке жете баштагандыктан, террорчулар жаңы ыкмаларды колдонууга киришти.

Өткөн дем алыш күндөрү эки адам Багдад шаарында машине менен текшерүү түйүнүнөн өткөн жана аскерлер аларды өткөрүп жиберген, анткени машиненин артында эки жаш бала отургандыктан, текшерүүчүлөр алардан шек санаган эмес. Бирок алар машинени базар жанына коюп, андан чыгып кеткенден кийин машине жарылган жана анын ичиндеги эки бала менен кошо дагы үч адам набыт кеткен.

Генералдын айтымында, мындай бир гана окуя болгондуктан, аны кандайдыр бир жаңы тактика деп эсептөө дагы эрте, бирок бул мисал - террорчулар жаңы ыкмаларды издеп жатканын далилдейт.

Америкалык аскерлер болсо Багдадда тартип орнотуу ишинде акыркы апталарда ийгиликке жетише баштады, бирок толук тартип орнотуу үчүн дагы убакыт керек:

"Иракта коопсуздук камсыз кылуу аракеттери убакыт жана чечкиндүү аракеттерди талап кылат. Жана жаңылышпагыла, алдыда дагы көп маселе жатат, биз узак убакытка пландаш керекпиз. Бирок биз ишенебиз, алдыга коюлган тапшырманы аткаруу мүмкүн жана биз аны аткарабыз", - деди генерал.

Толук коопсуздук орнотуу үчүн дагы көп убакыт керек экени жөнүндө 19-март күнү президент Жорж Буш дагы билдирген: "Ирактын премьер-министри Малики жана өлкөдөгү америкалык аскерлердин башчысы генерал Петреас билдиргенге караганда, Багдаддын коопсуздугун камсыз кылуу планы жаңы гана аткарыла баштады жана ийгиликке жетиш үчүн күндөр же апталар эмес, айлар талап кылынат", - деди президент Буш өзүнүн видеокайрылуусунда.

Генерал Барберонун айтымында болсо, Иракка кошумча америкалык аскерлерди жиберүү чечими туура кадам болду жана акыркы мезгилде Багдад менен анын айланасында жаңы текшерүү түйүндөрү ачыла баштагандыктан, террордук аракеттер менен куралдуу кагылышуулардын саны азаюуда.

АКШнын өзүндө болсо Ирактагы согушка каршы аракеттер уланып жатат. Жекшемби күнү Нью-Йоркто өткөн жөө жүрүшкө 30 миң адам катышты, Сан-Франциско шаарындагы демонстрацияга болсо беш миң адам чыкты. Дүйшөмбү күнү алар Сан-Францисконун борборундагы Маркет-стрит деген көчөгө кепин жамынын жатып алышкан жана полиция 57 адамды камакка алды. Алардын көпчүлүгү - студенттер.

XS
SM
MD
LG