Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

«ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР»: БИЙЛИК КӨП АЯЛ АЛУУГА ЖОЛ АЧТЫБЫ?


«Азаттык» үналгысы менен Мамлекеттик телерадио компания биргелешип даярдап келаткан «Ыңгайсыз суроолор» телекөрсөтүүсүнүн бул жолку меймандары мурдагы тышкы иштер министри, «Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева менен адилет министри Марат Кайыпов болду. Бул чыгарылыш 21-мартта МТРКдан көрсөтүлүт. Суроолорду Кубат Оторбаев берди.

Кубат Оторбаев: - Марат мырза, жакында сиздин айткан пикириңиз эл арасында, өзгөчө аялзаты арасында катуу реакция жаратты. Сиз Кылмыш кодексиндеги 153-беренени алып салыш керек деп айттыңыз, ал жерде эркектердин көп аял алуусу кылмыш катары каралбаш керек деп айтылган экен. Мына ошондон кийин бир топ тынч жаткан аарынын уюлу козголгондой эле болду. Сиз ушул нерсени эмнеге негиздеп айттыңыз эле?

Марат Кайыпов: - Бул жерде бир эле 153-берене боюнча сөз болуп аткан жок. Баса белгилеп кетишибиз керек, былтыр жайында Кыргыз Республикасынын президенти кылмыш саясатына болгон пикирди өзгөртүп, мамлекетте гумандаштыруу саясатына багыттала турган мыйзамдардын долбоорун даярдоого тапшырма берген. Былтыртан бери бул маселе козголгон жок. Жана сиз айтып атпайсызбы аарынын уюгу чукулгандай болду деп, былтыртан бери бул маселе козголбой келип эле, эртең-бүрсүгүнү парламентте каралат дегенде, тилекке каршы, биздин Кыргызстанда иштеп аткан эл аралык уюмдардын каржылоосу менен Аялдардын саясий клубу ушул маселени көтөрүп чыкты.

Биз Кылмыш-жаза кодексиндеги жүздөн ашык беренелерге өзгөртүү-толуктоо киргизели деп атабыз, болгондо да кескиндүү түрдө. Ошолордун ичинен бардыгы четке кагылат да, жалгыз 153-берене жөнүндө пикир алмашуу болду. Пикир алмашуу болгондо дагы биз сунуш кылган темадан чыгып, башка нукта талкуу болду. Алар мындай темада пикир алмашты - Кыргызстанда эки же андан көп аял алганга уруксат берилеби же берилбейби деген тема менен. Маселе анда эмес. Маселе Кылмыш жаза кодексинен 153-беренени кылмыш катары алып салуу болуп атат. Бирок эгерде биз ушуну кылмыш катары алып салсак эле кыргыздардын бардыгы, же Кыргызстандагы эркектердин бардыгына экиден-үчтөн аял алганга уруксат берилип калды дегенге жатпайт, анткени Үй-бүлө жөнүндө кодекс бар Кыргызстанда. Мына Адилет министрлигинин алдында жарандык актыларды каттоо боюнча кызмат бар, ал бизге баш ийет. Ар бир киши үйлөнгөндө биз каттайбыз. Мындайча айтканда үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүк беребиз. Эгер бүгүн мына бул аялга үйлөндүм деген күбөлүгү туруп, эртеси күнү буга да үйлөнөм деп келсе биз эч кимди үйлөнтпөйбүз, андай каттоо жасабайбыз. Анткени антсек биз мыйзамды бузуп коёбуз. Эми эмне себептен кылмыш жоопкерчилигинен муну кылмыш катары жоюп атабыз? Себеби өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, кылмыш деген эмне? Түшүнүк бар, кылмыш деген эмне деген суроого жооп берген кылмыштын аныктамасы бар. Бул коомго коркунуч келтирген кыймыл аракеттер, же аракетсиздик.

К.О. - Ал эми моралдык коркунуч жөнүндө сөз болбойбу бул жерде?

М.К. - Жооп берейин. Эки же үч аял алган киши коомго коркунуч туудурабы? Сиз айтып атасыз моралдык коркунуч бар деп. Эми моралдык жагын карайлы. Бул киши эки аялды жок дегенде, мүмкүн үчтү, же андан көбүн багып атат, андан балдары бар. Ошол адамды биз кылмышкер деп туруп отургузуп койдук дейли, отургузуп койгондон кийин бул кылмыш түгөнөбү? Ар бир кылмыштын башталышы, даярдалышы, жасалышы, анан бүткөн жолу бар да, мындайча айтканда стадиясы бар. Бул кылмыш түгөнбөгөн кылмыш - ойлоп келсек. Мындайча айтканда бул кылмыш тоталитардык режимден калган, атайын мусулман республикаларына таңууланган, коммунисттик тартипке көнсүн деп таңууланып жасалган кылмыш. Мына эми кылмыш жоопкерчилигине тарталы дедик, соттодук, кылмышкер деп тааныдык, эки жыл эркинен ажыраттык, эки жылдан кийин ал кылмышкер кайда барат. Ошол эле үйлөрүнө барат. Биринчи аялына, экинчи аялына барат, балдарын багат. Анан кийин аны кайра отургузабызбы, кайра соттойбузбу? Ошентип өмүр бою соттобойбуз да, туурабы?

Роза Отунбаева: – Марат Таштанович, менин сизге бир-эки суроом бар эле. Биринчиси, канча киши көп аял алганы үчүн акыркы жылдары кесилиптир?

М.К. – Аялдар клубунда болгон маалыматка караганда, Кыргызстанда жылына бир иш козголот экен.

К.О. - Сотко жетеби?

М.К. – Иш козголгон үчүн сотко жетет да. Мунун дагы экинчи маселеси бар, бул өзү иштелбеген берене. Бирок керек учурда, мисалы, бир киши жакпай калат, бирок арызданып коёт, ошол кишини күнөөкөр кылып таап туруп камап коюшат.

Р.О. - Канча киши бизде түрмөдө отурат жалпы Кыргызстанда?

М.К. – Бардык кылмышкерлер 16 миңден ашык.

Р.О. – Мен мындай деп айтат элем, чындап эле аарынын уюгун козгогондой эле болуп калды. Мына 17 миң адам Кыргызстанда түрмөдө отурат. Өзүңүз айткандай ошондой иш барбы, жокпу белгисиз экен. Ошол эле убакта биз муну аялдардын укуктарын кемсинтүү деп түшүнөбүз - биз аялдар.

М.К. – Эмнеге?

Р.О. – Полигамия деген көп аялдуулуктун тарыхы, көп учурларда 2-3-4 аялды эмне себептен алып атышат.

М.К. – Биз полигамияга барган жокбуз да.

Р.О. – Көп аял алуучулук деген полигамия деген сөз.

М.К. – Биз кылмыш жоопкерчилигинен баш тартып атабыз. Бирок уруксат берген жокпуз да?

Р.О. – Мыйзамга бир нерсени киргизип атканда, демек ошого жол ачып атасыңар да.

М.К. - Жол ачкан жокпуз. Жол ачыш үчүн Үй-бүлө жөнүндө кодексти өзгөртүш керек. Биз уруксат берген жокпуз ага.

Р.О. - Гуманизация деген сөзүңүзгө келсек - Кыргызстанда 16 миң адам түрмөдө отурат. Кыргызстанда канчалаган кылмыштар болуп атат. Азыр болсо эл кезекке туруп пресс конференция өткөрүп андан соң өзүбүздү өзүбүз өрттөйбүз деп атышат. Сот системасы такыр иштебей калды деп эл нааразы.

М.К. - Аны ушуга байланыштырбаңыз да.

Р.О. - Анан эле ушул көп аялдуулук башкы маселе болуп калды. Мен айтат элем, полигамиянын маселеси тарыхта болгон, кыргыздар деле тарыхта экинчи, үчүнчү аялды алганда жашыраак аялды алат. Мына керек болсо 50дөгү киши 14төгү кызды алат. Логика ушундай. Эмне, кыргыздын аялдары төрөбөй атабы? Төрөп атат, тогуздан төрөп атат. Буга эмне себеп?

М.К. - Гендердик теңдик жөнүндө сиз суроо бердиңиз, аялдардын укугу тебеленип жатат деп. Айланайын аялдар, эркектерге тең болгула. Эгер аялдардын теңдиги жөнүндө сөз кыла турган болсок, айланайын аялдар, мен айтаар элем, эркек кишини кылмыш жоопкерчилигине тарткандан гендердик теңдик болуп калбайт, тескерисинче, мына ушул жерде гендердик теңчилик бузулуп атпайбы. Аялдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө бизде мыйзам жок, эки же үч күйөөгө тийип алды деп.

Р.О. – Киргизгиле анда ошондойду.

М.К. - Киргизбейбиз, эмнеге киргизебиз.

Р.О. - Бир жактуу эле болот да, кемсинтип атасыңар да.

М.К. - Кылмыш жоопкерчилигин мыйзамдан алып салабыз, бирок полигамияга уруксат бербейбиз.

Р.О. - Бизди эмне шариятка алып баратасыңарбы?

К.О. - Марат мырза бир нерсени айттыңыз, мусулман өлкөлөрүнө таңууланган берене болчу деп. Биз Кыргызстан өзү кандай мамлекетпиз?

М.К. – Бул маселени мен изилдеп чыккам, эмне себептен мусулман өлкөлөрүнө таңууланган деп айттым. Советтер Союзу уюшулганда Орто Азия менен Казакстан мусулман өлкөсү болгон, басымдуу көпчүлүгү мусулмандар болгон, же болбосо кавказ элинин басымдуу көпчүлүгү мусулмандар.

К.О. – Бирок Конституцияда жок да ал?

М.К. - Советтер Союзу уюшулган учурда деп атам. Ошол убакта көпчүлүк эл мусулман болгон, дагы деле мусулман. Мына Кыргызстандагы көпчүлүк элди мусулман эл деп эсептейбиз. Ошол эле убакта Советтер Союзунун 15 республикасынан жалаң гана Орто Азия, Казакстан, Кавказдагы Азербайжан мамлекеттеринде ушундай кылмыш жоопкерчилиги каралган дагы, ал эми Литва, Латвия, Эстония, Молдова, Украина, Беларусия деген мамлекеттерде андай эркектерге кылмыш жоопкерчилик каралган эмес. Ошон үчүн бир мисал айтып кетейин, Украинада бир жигит бир кызды сүйүп калып алакачып кеткен. Аны мал уурдады деп туруп соттоп жиберишкен. Себеби мыйзамдарында кыз уурдады деген жоопкерчилик жок экен.

К.О. – Роза айым, сизге мен бир суроо берейин деп атам. Маселенин дагы бир башка өңүтү бар дейт, көпчүлүк кыздар азыр жакырчылык турмуштун айынан денесин сатканга барып атышат, андан көрө бирөөнүнүн жакшынакай экинчи, үчүнчү аялы болгонго эмне үчүн болбосун, деген да бир суроолорду коюшат?

Р.О. – Бул - маселени эч качан чечпейт. Сойкучулукту токтотуу үчүн экономиканы көтөрүү керек. Аны жок кылуу үчүн жумуш орундарын түзүш керек. Бизде өзүн өзү баалоо ушунчалык төмөн, азыр Марат мырза айтып атпайбы, украинадагы бир байкуш кишиге боору ачып, жылкыны уурдады деген берене менен соттоду деп. Ал эми бизде кыздарды малдай кылып эле уурдап атпайбы күн сайын. Ар биз төртүнчү кыз түндүк облустарда уурдалып турмушка чыгат. Эмнеге биз ошол кыздардын укуктарын жактабайбыз. Иштебеген берене деп коюшат. Иштебеген берене болсо, анда көп башка беренелерди дагы кылмыш кодексинен алып салыш керек.

К.О. – Роза айым, “Менин мекеним” деген саясий партия бар эмеспи. Ошолор кайрылуу жасаптыр. Парламентте бизде бир да аял депутат жок эмеспи, 15 орунду аялдарга бериш керек, жетөөнү президент өз жарлыгы менен бекитиш керек, калганын парламентке кайсы бир жолдор менен алып келиш керек, деп. Сиз ушул пикирге кошуласызбы, же аялдар эркектер менен тең катар шайлоого барып туруп анан депутат болуш керекпи?

Р.О. – Эми ар бир партия өзүнүн демилгесин чыгара берет. Бир маалымат чыгыптыр, Кыргызстан дүйнө жүзүндө эч бир аял депутаты жок жалгыз мамлекет деген. Мен ошого көп деле ишенбейт элем. Анкени менин оюмча Арап өлкөлөрүндө мындай мисалдар болуш керек. Мейли Кыргызстан ошондой болсун, ошон үчүн бизде Адилет министрлиги минтип беренеден гуманизация жасап атат эркектердин эсебине. Марат мырза айтып атат, биз кодекске жүздөй жаңылык киргизип атабыз, алар ошол бойдон парламентке барса депутаттар колун көтөрүп койсун деп. Биз болсо аялдар мындан ары токтобойбуз. Биз ушул маселеге каршы турабыз. Мен аялдардын ачуусун алып келдим ушул жерге.

М.К. – Ырасмий түрдө айтып коёюн, Кылмыш жаза кодексинен жанагы беренени алынып салганда дагы полигамияга уруксат бербейбиз, 2-3 аял алганга мыйзам жол бербейт.

Р.О. – Бизде парламентте бир да аял жок. Жаш кыздарды алакачкан азыр күчөп жатат, өкмөт ошол боюнча эч нерсе жасабайт.

К.О. – Бул маселени жетиштүү талкууладык го. Бир аз башка маселеге кайрылбайлыбы. Бийликтин моралдык жагы жөнүндө сөз кылбайлыбы? Феликс Кулов өткөндө Данияр Үсөнов өзүнүн кызмат ордун 300 миң долларга сатып алган деди. Сиз парламенттен өтпөй калгансыз, сиз ушундай жол менен министр болуп келгендер бар деп ишенесизби? Сизден да үмүт эткен депутаттар болгонбу?

Р.О. – Менин эсимде бар, биз өтпөй калгандан кийин бир топ эле министрликке талапкерлер, эртеси күнү аны “Агым” жазган, бир топ гезиттер жазган, бир тобу чемодан менен эле жүргөн экен депутаттарды сагаалап. Бирок Данияр Үсөнов боюнча мен ишенем. Данияр Үсөнов мисалы 2004-жылы шайлоого чейин бир жолугушууда мага абдан мактанып айткан, кыргыздар силер ушул жерде отура бергиле, кыйналып атасыңар, эмне болсоңор ошол болгула, мен болсо Казакстандын атуулумун, паспортум бар, менин эч тиешем жок, бириң өлүп бириң калгыла дегендей. Кийин Исхак Масалиев айтты, аны 10-20 чакты кишилерге айтып чыкты. Азыр Куловдун сөзүнө мен терең ишенем. Данияр Үсөнов деле бизге милдет кылбасын вице премьер болуп иштеп атканын. Кулов туура айтыптыр, мен ушинтип кыйналып, 300 миң доллар чыгарып иштеп атам деген, бул Данияр Үсөновдун портрети, ал дайым ушинтип гана айтып жүрөт.

К.О. – Марат мырза, сизге мен дароо суроо берейин, сиз өзүңүз министр катары акча бергенсизби, берген эмессизби?

М.К. – Бир эле министр эмес, ушул убакка келип көп эле кызматты ээлеп келгем, Конституциялык соттун судьясы болуп, Арбитраждык соттун төрагасынын биринчи орунбасары болуп, дагы башка дагы көп кызматтарда иштеп келгем. Өмүрүмдө бир да жолу кызматка акча берип келген эмесмин, министр болуп келгенде да, анын ичинде депутаттарга да берген эмесмин. Экинчиси, Данияр Үсөнов парламентте өзү жооп берди, кимге берсем ошол депутат айтсын деди. Бул маселени Кулов көтөрдү эле, Куловдон сурасаңар болмок. «Бирок мен Куловду сотко берем, бул маселе жалаа», деп жооп берди.

К.О. – Феликс Кулов чукул президенттик шайлоо өткөрүш керек деген маселе көтөрүп жатат. Юридикалык жагынан, же саясий кырдаалдан алганда ушул делеге мүмкүнбү?

М.К. – Анда биз Кыргызстан мамлекет катары, кыргыз эли катары дүйнө жүзүндө абройду жоготобуз. Эмне себептен? Себеби президенттин бийлик укуктары кеңейген жок да конституциялык реформадан кийин. Президенттин бийлик укуктары азайып атат. Эгер эл шайлаган учурдагы бийликтен президенттин бийлик укугу көбөйүп кетсе ошондо анан маселени козгосок болот эле, андай болгон жок.

К.О. – Роза айым сиз ушуга кошуласызбы?

Р.О. – Биз акыркы Конституция менен эч качан макул боло албайбыз. Акыркы Конституция сөзсүз дагы каралат, мен ага ишенем. Бирок азыр Куловдун платформасына кошула албайбыз, макул боло албайбыз, мен өзүмдүн партиямды айтып атам. Бул киши өзүнүн азыркы платформасын айтып атат. Келгенде жарлык жасады, ошол бойдон эч ким билбейт кайсы жолдор менен, кайсы ыкмалар менен жетет экен ойлоруна. Бирок менин оюмча азыр кеп президенттик чукул шайлоодо эмес, мындан баштабаш керек эле. Президент керек болсо 2010-жылга чейин отура бериш керек, бирок Конституция өзгөрүш керек.

К.О. – Сиздерге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG