Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

АМЕРИКА ДҮЙНӨНҮН ТҮРКҮГҮ ЭМЕС...


Россиянын Тышкы жана Коргоо саясаты боюнча кеңеш деп аталган институту келерки ончакты жылдын ичиндеги глобалдык геосаясий өнүгүүнүн ыктымал багыттары жөнүндөгү баяндамасын жарыя кылды. Өлкөнүн саясий, ишкердик жана интеллектуалдык элитасынын 170 өкүлүнөн турган бул институт Кремлдин илимий негизде иштеген кеңешчиси болуп эсептелет.

Сергей Караганов баштаган кеңеш эгерде Америка Кошмо штаттары жакынкы 10 чакты жылдын ичинде чабалдап кетсе, анын дүйнөдөгү ордун ээлей турган эч ким жок калат. Глобалдык масштабдагы баш аламандыктар башталып, натыйжада эл аралык уюмдардын таасири төмөндөп кетет деп эсептейт.

Кеңештин мындай көз карашын Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров четке какты. Жалпыга жакпаган философиясына байланыштуу АКШы жакынкы 10 чакты жылдын ичинде чын эле күчтөн тайып кетиши ыктымал, бирок бул сөзсүз эле баш аламандыкка алып келбейт. Анын ордун Россия сыяктуу өлкөлөр басып, эл аралык сахнада башкы ойунчу боло алат. Америка дүйнөнүн түркүгү эмес, деди Лавров.

Ошону менен бирге эле Лавров Вашингтонду КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги батышчыл өкмөттөрдү колдогондугу жана Москванын кошуна өлкөлөрдү өз көзөмөлүнөн чыгарбоо аракеттерине жолтоо болуп жаткандыгы үчүн сынга алды. Лавров ошондой эле АКШнын Борбор Европа өлкөлөрүндө ракеталардан коргонуу системасын орнотуу планын кескин сындап, муну Европадагы жана глобалдык саясатка карай жасалган провокация деп сыпттады. "Россия трансатлантикалык мамилелерге шынаа каккысы келбейт, бирок биз андай алакалардын биздин эсебибизден жүргүзүлүшүн каалабайбыз", деди Лавров.

Тышкы иштер министр Сергей Лавров менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов ошондой эле Улуттар уюмунун Югославиянын курамындагы Косово саясатын кескин сынга алып, уюмдун Косовонун эгемендигине жол ачканы жаткан планын четке кагышты.

Россиянын коопсуздук кеңешинини катчысы Игорь Иванов Лавровдун сөзүн улантып, Ирандын өзөктүк программасына токтолду. Демейде бул маселеде сабырдуу позиция карманган Россия бул жолу Ирандан уран байытууну токтотуусун талап кылып, болбосо Бушхер атомдук станциясынын соңуна чыгып калган курулушун токтотуп койууга кесенди. Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуусу Россияга коркунуч жаратат, деп айтты Игорь Иванов.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG