Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:05

24-МАРТ: ЫҢКЫЛАППЫ ЖЕ ТӨҢКӨРҮШПҮ?


2005-жылдын 24-мартында ордо калаа Бишкекте болуп өткөн окуяга ар ким ар кандай баасын берип келет. Айрым саясатчылар бул окуяны чыныгы элдик ыңкылап катары сыпатташса, башкалары жөн гана бийлик алмашуу, төңкөрүш болду дешет. Ушул эки жыл аралыгында эмне иштер жасалып, кандай иштер бүткөрүлүп, кандай өзгөрүүлөр болгондугу да тартыштуу маселе. Ошол 24-март окуясы эмнелерди алып келди?

Серепчилердин баамында 2005-жылдын 24-март күнү Кыргызстан өзгөрүүгө карай олуттуу кадам таштаган. Анткени коомдук ой-пикир калыптанып, бышып-жетилип, көп жылдар бою бийликте отурган адамдарды эл менен эсептешүүгө аргасыз кылган. Бирок, учурда кыргыз оппозициясынын кыйласы эч нерсе өзгөрбөгөнүн, кайра эле мурдагыдай үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп, коррупция күч алганын, кайрадан президенттик, парламенттик шайлоолорду өткөрүп, системаны тез арада өзгөртпөсө абал оорлой берерин айтып чыгышты. Мындай аныктамаларга официалдуу бийлик ээлери караманча-каршы. Алардын ырасташынча, ушул эки жыл аралыгында өлкө митинг-пикеттердин мекенине айланса да жылыштар болбой койгон жок. Маселен, президент Курманбек Бакиев кечээки сүйлөгөн сөзүндө эки жыл ичинде өлкөдө кыйла алгылыктуу иштер жасалды деп ишендирди:

- Мамлекет тарабынан экономикабыз өнүгүп, жашообуз жакшырса деген элибиздин үмүтүн актоо үчүн бир топ аракеттер болуп жатат. Экономикабызга инвестицияларды тартуу, айыл-чарбасында техникаларды жакшыртуу, иштебей турган ишканаларды кайра жандандыруу жана кайра ишке киргизүү боюнча алгылыктуу иштер арбын. Ишкерлерибиздин активдүүлүгүн күчөтүү жана мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүү максатында бир топ салыктык жеңилдиктер каралып, банк системасы аркылуу берилип жаткан кредиттердин көлөмүн акыркы эки жылда эки эсеге көтөрүүгө жетиштик.

Кыргыз парламенти да 24-март күнүн майрам катары эс алуу күнү кылууга каршы чыгышкан эле. Ошол себептүү президенттин маалымат кызматы билдиргендей, бул жылы 24-мартка карата бийлик тарабынан атайын иш-чаралар пландаштырылган жок, бирок, бул күн “жалпы элдик сайрандоо күнү” деп аталды.

Ал эми “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеевдин ырасташынча 2005-жылы Кыргызстанда болуп өткөн түстүү ыңкылаптын башка өлкөлөрдө болуп өткөн ыңкылаптардан айырмачылыгы, революциянын негизги талаптарынын аткарылбай калгандыгы болуп саналат:

- Кыргызстандагы 24-мартта болуп өткөн революциянын дүйнөдөгү башка революциялардан айырмачылыгы, революциянын негизги талаптарынын аткарылбай калгандыгы. Эң биринчи талап, Жогорку Кеңеш легетимсиз, шайлоо адилеттүү болгон жок, ушунчалык кыргыз элинин нааразылыгын жаратты дегенден кийин, Жогорку Соттун да чечими турганда ошол замат чечип коюш керек болчу. Экинчиден, конституциялык реформаны жүргүзүш керек болчу. Бул экинчи элдин талабы аткарылбай калгандыгы.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев болсо ошол 24-март окуясы мамлекеттик системаны элдин талабына жараша өзгөртүү талабынан улам келип чыкканын, кептин баары кайра-кайра оңдолуп аткан конституцияда жатканын айтууда. Депутаттын ырасташынча өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга аткаруу бийлиги да мыйзам чыгаруу бийлиги да күнөөкөр:

- Мына эки жолу конституция кабыл алынды. Бирок, эки жолку конституция тең элдин мүдөөсүн көздөбөй, элдин бүгүнкү талабын орундата албай калды деген ойдомун. Чындыгында эки жыл аралыгында көп иштер аткарылды, ошону менен бирге көптөгөн жумуштар аткарылбай калды. Буга аткаруу бийлигинин да Жогорку Кеңештин депутаттарынын да күнөөсү бар.

Ошондой эле дагы бир депутат Карганбек Самаковдун айтымында эки жыл мурда кырынан коюлган элдин талабы эч бир жагынан аткарылган жок. Ошол себептүү мамлекеттин башына жаш, жаңыча ойлонгон жаштар келбесе абал жакшырбайт. Буга башка мамлекеттердеги түстүү ыңкылаптар мисал боло алат:

- Же экономикабыз көтөрүлбөдү же элдин турмушу оңолбоду. Коопсуздукту болсо көрүп атасыңар, каалаган жерде атып кетип атат. Маселен, ошол эле Грузияны алалы. Аларда деле кызыл-жашыл революция болбоду беле. Ошондон кийин өкмөтүнө толук жаштар келип иш алып барууда. Мына, бүгүнкү күндө алардын бюджети үч эсе көтөрүлдү.

Ошентип 2005-жылдын айтылуу 24-мартынан бери туура эки жыл өттү. Ал эми ошол күндөрдөгү мамлекеттеги өзгөрүүлөр элдик ыңкылаппы, мыйзамсыз төңкөрүшпү же жөн гана бийликтин алмашуусубу деген суроо, дагы деле болсо кызуу талаш-тартыштарды жаратууда.

XS
SM
MD
LG