Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

МИНИСТР Б. НОГОЙБАЕВ ОШТО ЭЛДЕН ЖАШЫРУУН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 22-март күнү ички иштер министри Болотбек Ногойбаев Ош облустук акимчилигинде Жалалабад, Баткен, Ош облустарынын ички иштер, мамлекеттик коопсуздук жана прокуратура органдарынын жетекчилери менен жабык эшик артында жолугушуу өткөрдү. Бизге жеткен расмий эмес маалыматтарга караганда жашыруун жыйында оппозиция тарабынан митинг-пикеттер уюштурула турган болсо жана коомдук-саясий кырдаал курчуп кетсе күч органдарынын аракеттери боюнча көрсөтмөлөр талкууга алынган.

Ички иштер министри катышкан жыйынга өлкөнүн түштүк аймагындагы райондук жана облустук деңгээлдердеги күч органдарынын жетекчилери катышты. Жыйынды алып барып жаткан Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев күч органдарынын алдына коюлуп жаткан жалпы тапшырмалар боюнча сөз башталганда эле журналисттердин жыйындан чыгып кетүүлөрүн суранды. Мындай мамилеге нааразы болгон айрым бир маалымат каражаттарынын өкүлдөрү журналисттердин маалымат алууга болгон укуктары басмырланып эле калбастан жашыруун жолугушуу ар кандай кудук ойлорду пайда кылды деген пикирин билдирди:

- Бир четинен бул маалыматты чектөө. Биз журналисттер маалыматты каалаган жерден алып күнүмдүк ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүшүбүз керек. Ар бир массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзам бар. Мыйзамда бийлик бутагында отурган ар бир жетекчи журналисттерге маалыматты жеткирүүсү керек. Эгер ошондой эле сырдуу, кооптуу нерсе болсо булар жарыя кылбай эле өздөрүнчө чечишип алышса болмок, - деди ЭлТР коомдук телеканалынын жаңылыктар кызматынын редактору Майрам Мырзакулова.

Түштүк аймагындагы күч органдарынын жашыруун жыйналышы бир жарым саатка созулду. Жыйындын аягында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып министр Ногойбаев чогулушта эч кандай жашыруун сөздөр, көрсөтмөлөр деле болбогондугун айтып, болгону коомдук коопсуздукту сактоонун чаралары талкууга алынгандыгын жана бул маалымат мыйзам боюнча кызматтык сыр болоорун билдирди:

- Жалпысынан секрет деле болгон жок. Бирок иш боюнча жыйын болду, - деди ички иштер министри Болотбек Ногойбаев.

Адатта журналисттер үчүн ачылып сүйлөөчү Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев да болгону коомдук-саясий кырдаал курчуп кетпеш үчүн анын алдын-алуунун чаралары, жаңыча принциптер жана усулдар боюнча гана көрсөтмөлөр берилгендигин маалымдады:

- Күндө иштелип аткан тартипти сактоо, митинг боло турган болсо шарттарын карай турган сөздөр болду. Эч кандай секреттүү деле материал жок. Милиция органдарын, прокуратура кызматкерлерин жакшылап иш алып барып бергиле деген гана сунуш болду, - дейт Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев.

Эскерте кетүүчү жагдай, маалыматка жетүүнүн кепилдиктери боюнча мыйзамга ылайык мамлекеттик бийлик органдары коомдук кызыкчылыкты жараткан маалыматты жашыргандыгы үчүн жоопкерчилик каралган.

XS
SM
MD
LG