Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИН КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮҮ КЕЛЕЧЕГИ КАНДАЙ ?


23-март күнү Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде “Кыргызстандын март ыңкылабынан кийинки өнүгүү келечеги” аттуу жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Март ыңкылабынын 2 жылдыгына карата 15-марттан бери ар бир жогорку окуу жайында өз-өзүнчө өткөрүлүп келген тегерек-үстөлдөрдүн бул жыйынтыктоочу конференциясында түрдүү көз караштар айтылды, ыңкылаптык талаптар алигиче аткарылбай келгендигине басым жасалды.

Конференцияда тарых илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Акылбек Жуманалиев элдик ыңкылап Акаев режими убагындагы карапайым элдин итке минген кедейликке жетишинен, жогорку бийликтегилердин айткан сөзгө таптакыр турбагандыгынан, кайда болбосун коррупциянын күчөшүнөн пайда болгондугун белгилеп келип, 2005-жылдын 24-мартынан кийинки жагдайларга да токтолду:

- Элдик ыңкылаптан улам эл-журттун деми өйдө көтөрүлүп, мындан ары жакшы заманда жашайбыз, демократиялык коом түзүлөт, баарыбыз туура жолго түшөбүз деген чоң үмүттөрдү артынып турушкан. Айрыкча Бакиевдин ыңкылап талабы деп, душмандарын кармап-камабагына ыраазы болгонбуз. Бирок, башка жагынан, маселен, жаңы реформаларды жүргүзүү жагынан эч бир кыймыл болгону жок да. Эл реформаларды, жаңылыктарды күтүп атып, азыр тажап калды.

Акылбек Жуманалиев экс-президент Аскар Акаевдин ыңкылаптан кийинки аракеттерин да сөзгө кыстарып өттү. Акаев жарадар карышкырдай канын жалап – каарданып жаткан кези, өлкөдөгү абалдын курчушуна бир топ таасирин тийгизип жатат деген оюн айтты.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин доценти, философия илимдеринин кандидаты
Жеңишбек Ашыралиев элдик ыңкылапты жана анын натыйжаларын - мамлекеттик идеологиянын туундусу катары карайт. Идеология айрыкча биздин мамлекетте, биздин этносто, биздин коомдо өзгөчө элемент, дейт ал, себеби биздин ата-бабалардан калган байланыштарга, генетикалык эс-тутум жараяндарына, каалайбызбы-каалабайбызбы, баш ийишибиз керек. Батыш Европадан өзгөчөлөнгөн багыт менен өнүгүү жолун табышыбыз абзел. Азия ойгонуп жатканда биз жаңы идеологияга барганыбыз жакшы болот эле. Ага, менин оюмча, “Манас” осуяттарынан гана жол табылат. Акаев заманындагыдай жети осуят деп майдалабай, жасалма жаңыртпай, өзөктүү, адам ишене турган, кыргыз кызыга турган “Манастын” негизиндеги светский идеологияны табышыбыз керек. Дастан Сарыгулов теңирчиликти киргизем, ошол жакка акыл-эсти бурам деп жаналекетке түшүп атпайбы. Ал багытта эч кандай иш жүрбөйт деген ой толгоолорун кошумчалады Жеңишбек Ашыралиев.

Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын доценти, философия илимдеринин кандидаты Советбек Абдрасулов болсо эки жыл толгон элдик ыңкылапты төмөндөгүчө баалайт:

- Эки жыл мурдагы саясий окуяны көп эле адамдар төңкөрүш деп баалаган. Атайын кутумчул топтун эмес, жалпы Кыргызстан элинин ага тартылышынан улам ал ыңкылапка жакындап турат. А ыңкылап деп айталы десек, ал толук өзүнүн максатына жетпей калганы ачык көрүнүүүдө. Ошондон азыркы күнгө чейинки кырдаалды, менимче, ыңкылаптык кырдаал десек гана туура болчудай.

Андан ары окумуштуу ушул ыңкылаптык кырдаалды ыңкылапка жеткирүү милдети тургандыгын, аны азыркы бийлик менен оппозиция диалог жолу менен чечсе болорлугун, анүчүн жөн эле реформалар эмес, ыңкылаптык реформалар зарыл экендигин баса белгиледи.

Ушул ой-пикир конференциянын лейтмотивин түздү.
Ыңкылап боюнча 24-мартка карата гана эмес, башка убактарда да илимий жыйындарды өткөрүп туруу сунуштары айтылды.

XS
SM
MD
LG