Эртең менен борбордук аянтка ар тараптан агылып кирип келе жаткан адамдарды милиция кызматкерлери тосуп, артына кайтарууга аракет кылышты. Буга кыжырданган ыңкылапчылардын өкүлдөрү милициянын тосмосун бузуп өтүштү:
- Ошто канча күн жатып кулатканбыз мурдагы бийликти. Эмне үчүн бизди киргизбейт, - деди ыңкылапчылардын бири Шааркүл Ибраева.
2005-жылы марттагы окуялардын активисттеринин бири, учурда облус губернаторунун биринчи орунбасары болуп иштеп жаткан Кушбак Тезекбаев, ичик иштер органдары тарабынан 24-мартты белгилөөгө тоскоолдук болгондугуна токтолду:
- Алар өзүнчө бир чечим чыгарып революциялык духту жок кылабыз деген ойлору бар экен. Кечээ оргкомитет чечип бул жерге артисттерди чакырганбыз. Булар тымызын бул жердеги микрофондорду талкалап алып кетишкен.
Ал эми Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев болсо майрамдык салтанатты аянтта эмес, стадиондо өткөрүү жөнүндө чечим болгондуктан түшүнбөөчүлүк келип чыкты деген ойдо:
- Иш чара стадиондо болуш керек эле. Анткени ошол жерде отуруп алып майрам өткөрөбүз деген жакшы ой бар эле. Бирок техникалык себептерден ушундай болду, башка эч себеп жок.
2005-жылы мартта Оштогу нааразылык акциялардын башында тургандардын бири, саясатчы Анвар Артыков бийлик ыңкылапчыларды нааразы кылуу менен өзүнө каршы иштеп жатат деди:
- Элдин кыжырына тийбей, майрам күнү жөн коюш керек эле. Элге тийишкен жакшылыкка алып барбайт.
Жыйындын жүрүшүндө жаңы бийликтин эки жыл аралыгында жасаган иштерине терс баа берилип, калк тарабынан коюлган талаптар аткарылбай жаткандыгы жана президент Бакиев ыңкылапчылардын мүдөөлөрүн укпай калгандыгы айыпталды.
Марттагы элдик ыңкылап коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков мындай деген резолюцияны окуп берди:
- Март ыңкылабынын талаптары толук аткарылган жок. Революциянын идеялары ишке ашпай, эл талабы аткарылбай кала берди. Бийлик органдарынын жетекчи кызматкерлеринин 90 пайызы элди тажатып, иренжитип бүткөн баягы эле эски кадрлар түзүп, ошолор майлуу-сүттүү орундарга дайындалып жатат. Баштарын коюп чыгышкан патриоттор четте кала беришти.
Жыйындын соңунда коррупцияны ооздуктай албай жаткан жоопкерчиликсиз мамлекет жетекчилигине акыркы жолу мүмкүнчүлүк берүү маселеси көтөрүлдү.