Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

ЖАПОНИЯДА БОЛГОН ЗИЛЗАЛАДА КУРМАНДЫКТАР БАР


Баян Жумакадыр кызы, Прага Зилзала Япониянын борбор чөлкөмүндө жайгашкан Ишикава провинциясында болгон. Эртең мененки саат 9:42де чөлкөмдү жергиликтүү маалымат булактарынын айтымында, күчү Рихтер чен өлчөмү боюнча 6,9 даражага жеткен жер титирөө солкулдатты. Маалыматар боюнча андан сандаган үйлөр кыйрап калды. Вайма деген аймакта 50 үй кыйрап, 200дөн ашык үйгө катуу доо кетти. Азыр 1000ден ашык адам мектептерде жана башка имараттарда баш пааналоодо. Жер титирөөдөн региондогу темир жол жана авто кыймылга тоскоолдук жаралды.

Адистердин маалыматы боюнча, жер титирөө Ното жарым аралынын жеегинен 11 чакырым жерде Япон деңизинде болгон. Жер титирөөдөн жүздөгөн үйлөр электр жарыгысыз, 4500 үй суусуз калды. Көптөгөн жерлерде жолдордун асфальтына жарака кетти.

Биринчи жер титирөөдөн кийин региондо күчү чабалыраак 500дөй солкулдоо болду. Учуп-конуу тилкесине доо кеткендиктен, жергиликтүү аэропорт жабылып калды. Бийлик алгач Цунами жөнүндө эскертишкен, бирок бактыга жараша чөлкөмдү топон суу каптаган жок.

Япон аралдары сейсмолгиялык жактан активдүү региондо жайгашкан, ошон үчүн жер титирөөлөр өлкөдө бат-бат болуп турат.

XS
SM
MD
LG