- 23-мартта президент Бакиев ыңкылаптын эки жылдыгына байланыштуу жасаган кайрылуусунда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи. Бул үчүн жумушчу топ түзүлмөкчү. Ага саясий топтордун өкүлдөрү да кирет деди президент. Ошондой сунуш түшсө сиздердин кыймыл мунасага барып, топтун ишине катышууга даярбы, же сиздер өзүңүздүкүңөрдөн башка вариантка макул болбойсуңарбы?
- Президенттин айткан сөзү мурунку эле айткан сөздөргө окшош болуп турат. Убакытты созгонго аракет кылган сыяктуу көрүнүп атат бизге, ошон үчүн биз өзүбүздүн Конституциянын вариантын даярдап койдук. Эки жылдан бери даярдалып келаткан Конституциянын негизинде даярдалды. Биздин оюбузча биз ушунун тегерегинде сүйлөшүшүбүз керек. Азыр бизде убакыт жок, эл бизден чечкиндүү реформаны күтүп атат. Мындан ары күткөнгө мүмкүнчүлүк жок, ошондуктан президент тез аранын ичинде биз менен макул болуп, чечкиндүү реформага барышы керек. Башка менин оюмча жол жок.
- Чечкиндүү реформа деп сиз эмнени атайсыз?
- Чечкиндүү реформа деген бул сөзсүз түрдө Конституциялык реформа. Ошонун негизинде коалициялык өкмөт, же болбосо эл каалаган өкмөт түзүшүбүз керек. Ошол өкмөт экономикалык жана саясий реформаны чукул аранын ичинде жүргүзүшү керек. Ошонун негизинде парламент дагы Конституциялык закондорду кабыл алышы керек. Негизинен ушунун бардыгы өлкөнүн саясий жана экономикалык кризистен тез аранын ичинде чыга турган жолго алып келет.
- Сиз президенттин кайрылуусунан эмнени күттүңүз эле?
- Биринчиден, Конституциялык реформа жөнүндө сөз күткөм. Эски жолго түшүп атканы мага жакпай атат, түзөлү, андай-мындай кылалы дегени. Мунун баарынан өткөнбүз, бул убакытты созгонго аракет кылганды билдирип атат. Экинчиден, коалициялык өкмөттү түзүү боюнча сунушту күткөм. Азыр ушул өкмөттүн түзүлүшүнө, ишинин жүрүшүнө эч ким ынанган жок. Бул өкмөт иштей албаган, профессионал эмес, турган курч маселени чече албай турган өкмөт иштеп атат. Ушул жагына катуу кадам кылат деп ойлодум эле, муну да мен көрө алган жокмун. Эң башкысы менин оюмча, президенттин кайрылуудагы сүйлөгөн сөзү бул убакытты созууга аракет кылып аткан кадам катары мен түшүндүм.
- Бир нече күн мурун кыймылдын мүчөсү Алмаз Атамбаев президент Бакиев менен жолугушкан эле. Маалыматтарга караганда кыймылдын айрым мүчөлөрү ага нааразы болушууда. Маселен, Өмүрбек Абдрахманов эмки жолу жолугушууга барса Атамбаев өз партиясынын атынан барат деди. Бул реформачылардын арасында бөлүнүп-жарылуу пайда болуп жатат дегендин белгисиби?
- Менин оюмча Атамбаев кыймылдын атынан барбай, өзүнүн партиясынын атынан барып президент менен сүйлөшсө болот. Кыймылдын мүчөлөрү ага «Реформа” кыймылынын атынан барганга укук берген жок. “Реформа үчүн” кыймылынын арсында бөлүнүү бар дегенге мен кошула албайм. Себеби биздин талабыбыз реформа, ошонун айланасында биз кандай болбосун бир болобуз го деп ойлойм, биздин платформабыз бир. Ал эми анча-мына айырмалуу көз караштар бар, мунун үстүнөн биз иштеп атабыз. Аны биз бириктирүүгө аракет кылабыз.
- Маегиңизге ырахмат.
Маектешкен Айнура Жекше кызы, Прага