Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

ОППОЗИЦИЯНЫН ТАЛАБЫ ОРУНДАЛДЫ, МТРК КООМДУК БАШКАРУУГА ӨТТҮ


Президент К. Бакиевдин бүгүн чыгарган Жарлыгына ылайык, МТРК Улуттук телерадиокорпорация болуп кайра уюшулат жана Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде анын башкаруу органын - Байкоочулар Кеңешин түзүүгө тийиш. Улуттук телерадиокорпорация мамлекеттик статустагы мекеме болуп саналат жана анын бөлүмдөрү мамлекеттик менчиктен ажыратылбайт. Байкоочулар Кеңеши 15 адамдан турат, анын бешөөн Президент, бешөөн Жогорку Кеңеш, калганын жарандык коом шайлайт. Корпорациянын аткаруучу органын - Башкы директорду Байкоочулар Кеңеши шайлайт жана премьер-министр бекитет. Жогорку Кеңеш өз кезегинде Байкоочулар Кеңешинин сунушу боюнча Улуттук телерадиокорпорация жөнүндө жобону бекитет жана ага өзгөртүүлөрдү киргизип туруу укугуна ээ. МТРКны коомдук башкарууга өткөрүү оппозициянын эки канаты тең коюп жаткан негизги талаптардын бири болуп саналат. «Реформа» кыймылы өткөн жылы ноябрда көп күндөп каршылык акциясын өткөрүп, конституциялык реформа менен катар эле мамлекеттик телерадиокомпаниянын базасында коомдук телевидение түзүү жөнүндө талап койгон болчу. Бирок президент таптакыр каршы болуп, бул талапка кулак салбай келген. Президент эми жарым жылга жетпей бул маселеге кайрылып келип, оппозициянын коюп жаткан талаптарын четинен аткара баштады. Март ыңкылабынын эки жылдыгына карата элге кайрылуу сөзүндө Курманбек Бакиев талаш-тартыш туудурган бардык маселелерди консенсус жолу менен талкулап чечүүгө даяр экендигин билдирип, саясий күчтөрдү текши кеңеш курууга чакырган. (KCh)

XS
SM
MD
LG