Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:09

МАМЛЕКЕТТИК КАНАЛ КООМДУК БАШКАРУУГА ӨТӨ ТУРГАН БОЛДУ


Президент Курманбек Бакиев Мамлекеттик телерадиокомпанияны Улуттук телерадиокорпорациясы кылып өзгөрттү. Кечээ кол коюлган жардыкка ылайык УТРКнын жогорку башкаруу органы – Байкоочу Кеңешти түзүү, анын негизинде жобону бекитүү Жогорку Кеңешке тапшырылды. МТРКны коомдук башкарууга өткөрүү - оппозициянын буга чейин президентке коюп келген негизги талаптарынын бири болчу.

Мамлекет башчынын бул кадамы байкоочулар тарабынан түрдүү сыпатталууда. МТРКнын жетекчиси Кыяз Молдокасымов президенттин бул жарлыгы – саясий чечим болду деген пикирин билдирди:

-Бул өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо үчүн чыгарылган саясий чечим болду деп эсептейм. Эгер жарлык тез арада ишке ашса, тапшырылган иш тездейт.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Каныбек Жороев мамлекет башчы МТРКны реформалоого башынан эле каршы болбогондугун“Азаттыкка” билдирди:

-Президент эч качан бул реформага каршымын деп айткан эмес. Бүгүнкү кадамы менен ал чынында эле КТРди реформалоого кызыкдар экендигин даана көрсөттү деп ойлойм.

ЖК депутаты Мелис Эшимканов президент бул кадамга апрелде боло турган митингдин алдында аргасыздан барды деген пикирин билдирип, бирок коомдук телеканалды башкаруучу Байкоочу кеңешин түзүүдө көшөгө артындагы оюндарга жол берилет деген оюн айтты:

-Эл чыгат экен, бийликти алат экен, фронт күчтөнүп атат экен дегенде айласы кеткенинен барды да. Албетте, коомдук телеканалды башкаруучу Байкоочу Кеңешке көшөгө артынан Бакиевди колдогон депутаттардын колу менен өзүнө караштуу адамдарды киргизүүгө аракет жасалышы да мүмкүн.

Ал эми “Реформачы” депутаттар болсо, президент буга “Реформа үчүн” кыймылынын койгон талаптарынын негизинде барды деп билдиришти. Парламент төрагасынын орун басары Тайырбек Сарпашевдин айтуусунда президент буга “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушуудан кийин барды:

-Өткөн жумада Алмаз Атамбаев кирип, бир нече талаптар боюнча сүйлөшүп чыккан. Алардын арасында ушул МТРКны реформалоо тууралуу талабы да бар болчу. Мен Бириккен фронтту эмес, “Реформа үчүн” кыймылын айтып атам. Демек, президент да компромисске барып атат деп ойлойм,-дейт Тайырбек Сарпашев.

Коомдук телерадиокомпанияны Жогорку байкоочу Кеңеш жана башкы директор башкарат. Мыйзам боюнча Байкоочу Кеңешинде он беш киши: анын ичинен бешөөн парламент, бешөөн жарандык коом жана бешөөн президент дайындайт.

МТРКны коомдук телеканалга айландыруу маселеси жаңы бийлик келгенден тарта козголо баштаган. Парламент 2005-жылдын май айынан тарта атайын мыйзам даярдап, өткөн жылы июль айында президентке сунуштаган. Бирок мамлекет башчы бул мыйзамга каршы болуп, парламентке кайтарган. МТРКны коомдук башкарууга өткөрүү - оппозициянын буга чейин президентке коюп келген негизги талаптарынын бири болчу.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG