Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

ЕВРОБИРИМДИК ЭЛҮҮ ЖЫЛДЫК МААРАКЕГЕ ЭМНЕЛЕР МЕНЕН КЕЛДИ?


Ушу тапта 27 өлкөнүн башын бириктирген Евробиримдик өткөн жумада өзүнүн 50 жылдык мааракесин белгилеген эле. Уюмдун эң ири жетишкендиги катары анын кеңейгендиги айтылып жүрөт. Бирок дал ушул маселе шаркеттин келечеги боюнча ага мүчө өлкөлөр арасында терең ажырымды да жаратты.

Таяктын эки учу бар же бирөөнүн жашоосу экинчиге кызык дегендей, Украина, Молдова , Грузия, Түркия өңдүү өлкөлөр Евробиримдикке кошулуу үчүн ак эткенден так этип жүрүшсө, тескерисинче биримдиктин өзүндөгү өлкө жарандарынын жагдайга ичи чыкпайт экен. Маселен Британдык "Financial Times" гезити өткөн аптада жарыялаган сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, Евробиримдиктин жалпы жарандарынын 44%ы алардын өлкөсү уюмга кошулгандан бери жашоо оорлоп кетти деп эсептешет.

Уюмдун учурдагы төрагасы –Германия. Андыктан мааракелик жыйын немец башкалаасында өттү. Берлиндеги мааракелик жыйындан соң кабыл алынган декларацияда шаркеттин жаңы конституциясынын долбоорун даярдоочу соңку мөөнөт катары 2009-жыл белгиленди. Дал ушул Конституция маселеси Евробиримдиктин ичиндеги өз ара ажырымдын чордонунда турууда. Ага баардык өлкөлөр 2004-жылы эле кол койгон, бирок 2005-жылы Франция менен Нидерландия жалпы элдик референдумга салганда, документ колдоо таппай калган болчу. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросо Конституция акыр аягында кабыл алынышы керек деп эсептегендердин бири. Ал ушул айдын башындагы саммитте жогорудагыларды айткан эле:

- Биз бул же тигил жерде мунасага келе албашыбыз мүмкүн, бирок биз Европанын интеграциялык долбоорун коргошубуз керек.

Айтор азыр элүүгө толгон Евробиримдик өз тарыхында кандай каталарга жол берди, өз ийгилигинин курмандыгы болуп калбадыбы деген суроо жаралган учурлар да жок эмес. Мына ушул багытта айтылган окшош ойлордун бири –уюмдун 2004-жылы он өлкөгө кеңейиши.

Он жаңы жана Батышка караганда жакырыраак өлкөлөр Евробиримдиктин эски бөлүгүнүн тургундарынын жумушуна жана социалдык жыргалчылыгына коркунуч туудурган фактор катары кабыл алынганы жашыруун эмес.

Жогорудагыдай сезимге көбүрөөк алдыргандар, албетте, Евробиримдикти түптөгөн Франция, Германия, Нидерландия, Бельгия, Люксембург, Италия жарандары болду. Анткен менен буга чейин айтылган пландар боюнча Евробиримдик алдыда да кеңейши керек. Уюмга кошулусуна сөз берилген өлкөлөрдүн саны азыр жетөө. Шаркеттин кеңейүү маселелерин тейлеген комиссары Оли Рен АКШнын тарыхын эске салып, мындай дейт:

- Биз бул нерсе Кошмо Штаттар түптөлгөндөй, 70-75 жылды алат деп эсептей алабыз. Бул учур болжол менен 2033-жылга туура келет. Демек, балким Европанын түштүк-чыгышынын өлкөлөрү биримдике ушул убакытка барып кошулат.

Адатта уюмдун турмушундагы манилүү окуяларда боло жүрчү салт бул ирээт өзгөрүп, Берлиндеги 50 жылдык мааракеге уюмга талапкер өлкөлөр эмнегедир чакырылган жок жана мындай көрүнүш соңку бир нече жылдан бери алгачкы жолу орун алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG