Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

КЫРГЫЗСТАН ЖАРАНДЫК КАГЫЛЫШУУГА БАРАТАБЫ?


Бүгүн “Реформа үчүн” кыймылы 11-апрелден тарта башталуучу мөөнөтсүз митингди колдой тургандыгын жана өлкөнүн бардык аймактарында нааразылык аракеттерин баштоого даяр экендигин билдирди. Ушул эле күнү “Кыргызстан элдик кыймылы” ыңкылапты коргоого алуу үчүн жер-жерлерде иш-чаралар уюштурула тургандыгын билдирип чыкты. Айрым иликтөөчүлөр апрель айындагы саясий чыңалуунун жана башка курч окуялардын алдын алуу мамлекет башчынын колунда деген пикирлерин айтып жатышат.

“Реформа үчүн” кыймылы 11-апрелдеги мөөнөтсүз митингди колдоо менен бирге эле президенттен да реформаларды жүргүзүүнү талап кыла бермекчи. Кыймылдын теңтөрагаларынын бири Асия Сасыкбаева эгер президент мурда берилген мөөнөт 5-апрелге чейин түптүү реформаларды жүргүзө баштабаса, кыймыл Бириккен фронттун демилгеси менен Бишкекте жана жер-жерлерде уюштурула турган нааразылык митингдерине кошулат деп билдирди.

“Реформа үчүн” кыймылынын штабында жетекчилер алмашып, Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ордуна тогуз теңтөрага шайланган. Алмазбек Атамбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча жетекчилик курамга кирбей калган теңтөрагалар кыймылда мүчө болуп кала беришет:

-Текебаев Бириккен фронттун курамында, мен болсо сүйлөшүүлөрдү колдоп атпаймынбы. Эки теңтөраганын пикири эки башка болсо кыймыл үчүн кыйын болот экен. Ошондуктан, биз экөөбүз тең башкаларды шайлагыла деп өзүбүз сурандык.

Алмазбек Атамбаев президент реформа жүргүзүүнү баштады, жылыштар бар деп кошумчалады.

Ушул эле күнү “Кыргызстан элдик кыймылынын” мүчөлөрү да билдирүү жасашты. Аталган кыймыл 2004-жылдын этегинде парламенттик шайлоонун алдында түзүлүп, бир нече саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын башын бириктирген эле. Март ыңкылабынан кийин ишмердүүлүгүн токтоткон кыймыл кечээ 26-март күнү кайрадан ишмердүүлүгүн жандандырды. “Кыргызстан элдик кыймылы” март ыңкылабынын максаттарын коргоо үчүн атайын иш-чараларды өткөрмөкчү. “Эркиндик” саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин айтуусунда, кыймылдын негизинде “Саясий тынчтык жана биримдик үчүн” деген жаңы кыймыл түзүлгөн. Кыймыл 29-апрелде бийликтин жана оппозициянын катышуусунда жыйын өткөрүүнү көздөөдө.

Топчубек Тургуналиев жыйында Кыргызстанды жарандык кагышуудан сактап калуу үчүн президентке да талаптар коюла тургандыгын билдирди:

-Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтарда Акаев менен коюн-колтук алышып жүргөн кишилер, коррупцияга белчесинен баткан адамдар отурушат. Ошондуктан, биз да президенттен, аткаруу бийлигинен талап кылабыз: кадрдык саясат жүргүзүүнү, Конституциялык реформаны элдик референдум аркылуу өткөрүүнү. Ал эми фронтчулар менен реформачылардан бийликке шарттарды коюу менен кысым көрсөтүүнү, бийликти күч менен тартып алууга аракеттерди токтоткула деп талап коебуз. Биз президентти коргогон жокпуз, биз март ыңкылабынын идеялары менен максаттарын коргоо үчүн, Кыргызстанды жарандык кагылышуудан сактап калуу максатында чыгып атабыз, -дейт Топчубек Тургуналиев.

Ушул тапта коомчулук өлкөдөгү саясий кырдаалга кылдаттык менен байкоо салып турган кез. Айрым иликтөөчүлөр апрель айындагы саясий чыңалуунун жана башка жагымсыз, курч окуялардын алдын алуу мамлекет башчынын колунда деген пикирлерин айтып жатышат. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтуусунда президент Конституциялык реформага барып, башкаруу системасын өзгөртсө апрель окуяларынын алдын алып калуусу мүмкүн:

-Кадрлык саясатты жаңылап, башкаруу системасын алмаштыруу керек. Бизге жок дегенде президенттик –парламенттик башкаруу системасы орномоюнча, авторитардык системада ушул Конституция менен Кулов президент болгон күндө деле ушул акыбал келип чыгат. Ошондуктан, президенттик –парламенттик башкаруу системасына өтүүбүз керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG