Жолугушуунун башында Кыргызстандагы телеканалдар жөнүндө сөз козголуп, орус элчиси Кыргызстандагы телеканалдар обьективдүү маалыматтарды берип жатканын билдирген. Төрага МТРКнын алкагында коомдук телекөрсөтүү түзүү тууралуу президенттин жардыгы менен элчини тааныштарган. Элчи бул кадамды демократияны куруудагы олуттуу кадам катары баалаган. Марат Султанов андан сырткары Жогорку Кеңештин иши тууралуу маалымат берген. Тараптар Кыргызстандын тоо кен, энергетика жана өнөр жайына инвестиция салуу маселесин да козгошкон. (AiT)