Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Евробиримдик менен Борбор Азиянын кызматташуу стратегиясы Казакстанда талкууланат


Евробиримдиктин жогорку даражалуу делегациясы 27-мартта Казакстанга келди. Эртең уюмдун учурдагы төрагасы - Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер, Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро –Валднер жана уюмдун Борбор Азия боюнча өкүлү Пиер Морел менен сүйлөшүүлөргө чөлкөмдөгү беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышмакчы. Немец тарап сүйлөшүүлөрдө адам укуктары маселеси да көтөрүлөрүн билдирди. Евробиримдик бул жыйында Борбор Азия өлкөлөрүн уюмдун бул чөлкөмгө багытталган туңгуч стратегиясынын долбоору менен да тааныштырат.

XS
SM
MD
LG