Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

29- МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Уйгур каганатын талкалаган кыргыздар Чыгыш Түркстандагы Аньси, Бэйтин өкүлчүлүгүнө чабуул коюптур деген кабар 843-жылдын бу күндөрү Кытай империясынын борборунда айтыла баштаган. Жогорку Кеңештин Элөкүлдөр жыйыны 2005-жылдын 29-март күнү расмий түрдө ишин токтоткондугун жарыялады.

Уйгур каганатын талкалаган кыргыздар Чыгыш Түркстандагы Аньси, Бэйтин өкүлчүлүгүнө чабуул коюптур деген кабар 843-жылдын бу күндөрү Кытай империясынын борборунда айтыла баштаган. Кытай жазма булагында маалымдалгандай кыргыздар 840-жылы Уйгур мамлекетине чабуул коюп, ири жеңишке жетишкен. Уйгур борборун басып алган кыргыздар өлкө борборун Монголиянын батыш аймагына которуп, алардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстан аймагына карай чапкын уюштуруп, азыркы Кыргызстанга ыктай орун ала башташкан.

Совет бийлигинин башталгыч мезгилинде жеке менчик ишканалар мамлекеттештириле баштаган. Кыргызстан аймагында кулач жайган менчикти улутташтыруу кыймылы 1918-жылдын 29-мартында Пишпек шаарындагы жеке менчик типографияга да жеткен. Типография мамлекет менчигине алынгандан кийин мында өкмөттүк жардыктар жана калк үчүн китеп басыла баштаган. Мындан тышкаары, шаарда орун алган маданият үйлөрү мамлекет эсебине алынып, клуб, китепкана, кино-театр жана кызыл бурчтар ачылган.

Кыргызстандык инженерлер менен техниктер 1929-жылдын 29-март күнү I кесиптик курултай өткөрүштү. Күн тартибине Кыргызстан айыл чарбасына керектүү адистерди камдоо маселеси коюлуп, аны ишке ашыруу жагдайы белгиленди.

Фрунзе шаарындагы биринчи музыкалык кесиптик училище 1940-жылдын бу күнү окуучулар үчүн эшигин ачкан. Окуу жайга айтылуу кыргыз музыканты Муратаалы Күрөңкеевдин ысмы түрдүү музыкалык аспаптар боюнча бөлүмдөр иштей баштаган.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Бишкек менен Москва убактысы ортосундагы айырма 1992-жылдын 29-март күнү бир саатты түздү. Ошол эле убакта Бишкек менен Алмата шаарларынын ортосундагы убакыт айырмасы 2 саатка жетти. Анын себеби, аталган эки шаарда убакыт жебеси бир саатка жылдырылып, ал эми Кыргызстанда эски убакыт сакталып калган.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдын 29-март күнү расмий түрдө ишин токтоткондугун жарыялады.
XS
SM
MD
LG