Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

АЗИМ ИСАБЕКОВ БИЙЛИГИНЕН АША ЧААП ПАЙДАЛАНДЫБЫ?


Өкмөт башчы Азим Исабеков 28-мартта түш ченде биринчи вице-премьер-министр баштаган беш министрди кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алгандыгын жарыялаган. Бирок кечки саат төрттө болгон өкмөттүн жыйынында президент Курманбек Бакиев бир катар өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтан кетүү жөнүндө чечимдерин шашылыш кадам деп белгилеп, бир да министрди кызматтан бошотпой тургандыгын билдирди. Мамлекет башчы ага өкмөт курамы боюнча саясий күчтөрдөн конкреттүү сунуштар түшүп, алар талкуулангандан кийин гана өкмөт курамында алмаштыруулар болушу мүмкүн деп белгилеген. Байкоочулар баамында, Баш мыйзам боюнча премьер-министр өкмөт мүчөлөрүн кызматтан кетире албайт, ошондуктан аша чапкан бул кадамы анын кызматтан кетишине алып барышы мүмкүн.

Өкмөт башчы Азим Исабеков кечээ түшкү саат бирде маалымат жыйынын өткөрүп, оппозициялык күчтөр талап кылып жаткан коалициялык өкмөттү түзүү максатында өзү ушундай чечим кабыл алганын билдирген эле:

-Түрдүү бирикмелер, коомчулук коалициялык өкмөт түзүүнү сурап жатышат. Мен бүгүн 1-вице премьер-министрди, чукул кырдаалдар министрин, экономика жана соода, саламаттыкты сактоо министрлерин, өкмөттүн аппарат жетекчисин жана эки агенттик: Кыргызпатент менен токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилерин кызматтан алуу тууралуу буйрукка кол койдум. Жаңы Конституция боюнча премьер-министр өкмөт мүчөлөрү тууралуу сунуш жазууга укуктуу, -деген Азим Исабеков.

Бирок кечки саат төрттө мамлекет башчынын катышуусу менен өкмөттүн жыйыны болуп, анда президент Курманбек Бакиев бир да министрди кызматтан бошотпой тургандыгын билдирген. Мамлекет башчы коалициялык өкмөт түзүү боюнча оппозициядан сунуш болсо карала тургандыгын да белгилеп, ага чейин бардык өкмөт мүчөлөрү өз ордуларында ишин уланта берерин айткан.

Бул окуяга саясатчылар түрдүү баа берип жатышат. Алсак, айрым байкоочулар өкмөт мүчөлөрүн кызматтан кетирүү менен премьер-министр мыйзамга туура келбеген кадам таштады деген пикирлерин айтышууда. Анткени Конституцияда премьер-министрге өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууга же дайындоого укук берилген эмес дешет алар. Алардын пикирине кайчылаш айтылган ойлордо өкмөт башчы президенттин макулдугусуз мындай кадам таштоосу мүмкүн эмес деп айтылууда.

Учурда коомчулукта кечээки кадамынан соң өкмөт башчы кызматтан кетүүсү мүмкүн деген пикирлер да айтылып жатат. Кээ бир байкоочулар мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов менен болгондой эле, азыркы премьер-министр Азим Исабеков менен президенттин ортосунда да ажырым пайда болорун божомолдошууда.

ЖК депутаты Мелис Эшимканов Азим Исабеков да Кулов сыяктуу саясий оюндардын курмандыгы болуп калуусу мүмкүн деген пикирде:

-Баягы Куловду парламенттин колу менен жайлагандай эле Исабековду да атайын “сен бошото бер” демиш болуп, анан өзүн ыргытып салуусу мүмкүн. Анын үстүнө оппозиция да коалициялык өкмөт түзүү жөнүндө ушуну талап кылып жатат. Буга Азим Исабековдун жакынкы күндөрү “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун жетекчиси Феликс Кулов менен жолугушуп, сүйлөшүп чыккандыгы да түрткү болуусу мүмкүн.

Мелис Эшимкановдун айтуусунда жакынкы күндөрү өкмөт башчы Азим Исабеков “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун жетекчиси Феликс Кулов менен жолугушкан. Ал эми Азим Исабековдун маалымат каражаттарына билдиргени боюнча жолугушууга ал өзүнүн демилгеси менен барган. Анын айтуусунда, Бириккен фронттун жетекчиси менен өлкөдөгү саясий кырдаал, социалдык-экономикалык акыбал тууралуу пикир алышкан.

Ал эми “Реформа үчүн” кыймылынан бөлүнүп чыгып жаңы түзүлгөн бирикме “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук -саясий кыймылынын лидерлеринин бири Роза Отунбаева бийликтин бул иши коалициялык өкмөт түзүүгө жасалган аракет деп баалады. Анын айтуусунда, аракеттер жасалып жатканы менен бирок эки тарапта тең коалициялык өкмөт түзүү боюнча механизм жок болуп жатат:

-Механизм жок. Эки тарап тең даяр эмес. Бакиевдин колунда да, оппозициянын колунда да андай чечим жок. Ошондуктан, тегерек үстөлгө отуруп, түрдүү сунуштарды киргизип, ченеп-калчап, андан кийин гана чечим чыгарыш керек.

Ал эми “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту бийлик апрель айында боло турган митингдердин алдында ар кандай жүрүштөрдү жасап жатат, бирок президент менен өкмөт башчынын эч бир аракетине карабай, Бириккен фронттун 11-апрелде митинг өткөрүү тууралуу чечими өзгөрбөйт деп баса белгилөөдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG