Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

АЛМАЗ АТАМБАЕВ ӨКМӨТ БАШЫНДА КАНЧА УБАКЫТ ТУРАТ..?


Кыргыз өкмөтүндөгү бүгүнкү чукул өзгөрүүлөр боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер жаралууда. Бир топ байкоочулар кызматтан кеткен Азим Исабековдун ордуна оппозиция лидерлеринин бири – Алмаз Атамбаевдин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылат деп эсептешет. Ал эми айрым пикир ээлери президент оор абалдан чыгуу максатында Атамбаевди убактылуу гана пайдаланып жатат деп билдиришүүдө.

Мурдагы премьер-министр Азим Исабековдун кызматтан кетүүсү жана анын ордуна оппозиция лидерлеринин бири Алмаз Атамбаевдин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу коомдук-саясий чөйрөдө түрдүү пикирлерди жаратып жатат. Бул окуяга негизги себеп катары Алмаз Атамбаев менен президенттин жолугушуусу, “Реформа үчүн” кыймылынын ич ара бөлүнүп кетиши, кыргыз өкмөтүндөгү кечээ болуп өткөн иштер айтылууда.

Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалуусу бүгүнкү күнү өлкөдө түзүлгөн саясий кризисти жөнгө сала алабы? “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын жетекчиси Роза Отунбаева Атамбаевдин келиши өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылат деп ишенет:

-Менин оюмча азыркы дайындоо бизге көп үмүт берет. Биз кандайдыр бир туңгуюкка кептелип, коом экиге бөлүнүп калды эле. Өлкө экиге бөлүнүп калгандай сезиле баштады эле. Атамбаев компромисстик фигура, ал оппозициянын өкүлү. Ошондуктан, анын келиши өлкөдө саясий кырдаалды турукташтырат деп ойлойм.

Роза Отунбаева Алмаз Атамбаевдин артында жалпы оппозициялык күчтөр турат деп кошумчалады.
Бирок Бириккен фронттун штаб мүчөсү, ЖК депутаты Мелис Эшимканов кечээ эле үзөңгүлөш жүргөн пикирлешинин бүгүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болууга макулдук бергенин сынга алды:

-Алмаз Атамбаевдин макулдук бергенин туура көрбөйм, Бириккен фронт туура эмес деп эсептейбиз. Анткени ал бизге убада берген, президент менен сүйлөшүп чыктым, эң биринчи Конституцияны түп-тамырынан бери өзгөртүүгө жетишип, ага чекит койгондон кийин гана коалициялык өкмөттү баштайбыз деп.

Мелис Эшимканов президент Алмаз Атамбаевдин аркасы менен 11-апрелдеги митингди болтурбай коюуга аракет көрүп жатат деп эсептейт. Анын айтуусунда Бириккен фронт мурдагы талабынан баш тартпайт – мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен 5-апрелден тарта саясий нааразылык чараларын баштайт.

Өкмөт башчыларын улам-улам алмаштыргандан көрө президент башка түптүү реформаларды жүргүзсө болмок, бир адамдын ордуна экинчисин алып келүүдөн өзгөрүү болуп кетпейт деген пикирлер да айтылууда. Мындай пикир ээлеринин бири коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун айтуусунда эң биринчи башкаруу системасы өзгөртүлүүсү зарыл:

-Эң негизи азыр Башмыйзамды, өлкөнү башкаруу системасын түп-тамыры менен өзгөртүү керек. Он беш жылдан бери Акаев доорундагы Конституция элге дагы, өлкөгө да бир чымчым жакшылык алып келген жок. Элди тентитти, өлкөнү кемсинтти, болгон байлыктын баары таланып-тонолду. Демек, өлкө башкарууну өзгөртүп, элди өлкө башкарууга катыштыруу керек.

Дастан Сарыгулов Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башына келүүсү менен өлкөдө саясий кырдаал оңолуп кетпейт деп эсептейт.

Аз убак мурда Алмаз Атамбаев теңтөрагалык кылып жүргөн “Реформа үчүн” кыймылы коалициялык өкмөттүн курамына кирбей тургандыгын маалымдады. Ошондой эле алардын билдиргенине караганда, “Реформа үчүн” кыймылы премьер-министрлик кызматка Алмаз Атамбаевдин талапкерлигин сунуштаган эмес. Ал өзүнүн “Социал-демократтар” партиясынын атынан барган деп билдирди.

Ал эми кыймылдын теңтөрагасы Асия Сасыкбаева Алмаз Атамбаев өкмөт башчылыкка татыктуу, демилгелүү инсан экендигин айтып, бирок президент Курманбек Бакиевдин туруксуз саясатынын тушунда ал өкмөттө көпкө иштеп каларына ишенбесин билдирди:

-Мына өзүңүздөр деле көрүп турасыздар, президент кадрларды кандай калчап жаткандыгын. Ушундай туруксуз саясатта Алмаз Атамбаевдин көпкө иштеп каларына мен ишенбейм.

Асия Сасыкбаева белгилегендей, бүгүнкү күндө маселе окуянын мындан аркы өнүгүшүндө калды. Байкоочулар Алмазбек Атамбаев жаңы дайындалган кызматында канча убакыт иштейт, же ал да өзүнөн мурдагы өкмөт башчылар сыяктуу убактылуу дайындалдыбы деп тынчсызданышууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG