Жогорку палатанын төрагасы өзүнүн демилгесин өлкөнүн бардык мыйзам чыгаруу органдарында талкууга алып «Бүткүл Орусиялык жыйын» өткөрүү керектигин да сунуштаган. Андан аркы кебинде, ошондой болсо да «депутаттардын айтканына көнөбү жокпу – аны Владимир Путин, өзү чечет» - деп кошумчалаган.
Путинди үчүнчү мөөнөткө ат салышсын деген сунуштар кайсы бир саясий төбөлдөрдөн, уюмдар жана жумурият жетекчилигинен түшүп келет. Ал тургай ал үчүн Баш мыйзамды бузуу да кеби улам айтылып келет. Бирок, ар бир жолу орусиялык лидердин ага айткан жообу бир жактуу. Мыйзамдын чийининен чыкпоо болууда:
-Менин ишим мага жакканы менен мага Баш мыйзам үчүнчү жолу ат салышууга жол бейт, - деген Владимир Путин, былтыр жыл этегинде журналисттер менен болгон кезектеги жолугушуусунда.
ИНТЕРФАКС таркаткан маалыматта бүгүнкү Мироновдун жарыясына ылдыйкы палатанын төрагасы Борис Грызловдун жообу каршы чыккан. Питерде журналисттер алдында чыгып айткан пикиринде ылдыйкы палата жетекчиси, баш мыйзамды бузбоо үчүн сактыкта турган депутаттар эсеби мамдумада көптүк кыларын айткан.
Ошол эле учурда анын орун басары, ал дагы «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын төбөлдөрүнүн бири - Любовь Слиска:
- Биздин өлкө сыяктуу чоң мамлекетте президент чындыгында өз ордунда төрт гана эмес беш, а балким, жети жылга тура турганда жакшы болмок, деген.
КПРФ лидери Геннадий Зюганов жогорку палатанын жетекчисинин демилгесин сынга алган:
- Бүгүнкү күндө мамлекеттин жетекчисинин кызматта болуу мөөнөтүн узартуу эмес, анын өз атуулдарынын алдындагы жоопкерчилигин сөз кылганда болмок.
Кайсы бир анализчилер айтымында, чындыгында үчүнчү мөөнөткө шайланууну каалаган тарап жана анын узагыраак бийликте боло туруусун каалагандар Мироновдун оозу менен мындай кепти айттырган. Аны менен коомчулуктун баш терисин сыноо болуп атат.