МОСКВА. Россияда Мамдуманын жогорку палатасынын спикери Сергей Миронов президент Путиндин бийлик мөөнөтүн узартуу туралуу мыйзамды кабыл алууга чакырды. Анын айтымында, президенттик кызматтын мөөнөтү төрт жылдан беш жылга чейин узартылышы керек. Президент Путин экинчи президенттик мөөнөтү соңуна чыккан соң кызматтан кете турганын билдирген.