Улуу Британиянын айтымында, кабыл алынган резолюцияда Иран жетекчилигинин аракеттери сынга алынып, туткунга түшкөндөрдү бошотуу талабы айтылыш керек болчу. Бирок, андай катуу сөздөр резолюция долбоорунан Орусиянын сунушу менен алынып салынган жана Коопсуздук Кеңеши өз тынчсыздануусун гана билдирип, туткундар менен британиялык дипломаттардын жолугуусуна уруксат берилиш керек деп чыкты.
30-мартта Алманиянын Бремен шаарында Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эки күндүк бейформал жыйынга чогулат жана маселени Британия ошол жыйында да көтөрүүгө даярданууда.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча бийик өкүлү Хавьер Солана болсо 29-мартта Европа Парламентинде чыгып сүйлөп, бул маселе боюнча катуу чечим кабыл алыныш керек деп билдирди:
- Биз муну сынга алыш керекпиз жана ачык сынга алып, Иран тарабынан туткунга алынган британиялык суучулдарды дароо бошотууну талап кылууга тийишпиз. Менин оюмча, биз ал тууралуу бүгүнкү талкуудан кийин бир пикирге келдик, ал бүгүн айкын болду.
Бириккен Улуттар жумшак резолюция кабыл алган 29-март күнү АКШ Конгрессинин Сенаты дагы атайын чечим чыгарып, туткундардын дароо бошотулушун талап кылды жана Тегерандын аракетин катуу сынга алды. Резолюциянын авторлорунун бири, сенатор Норм Коулмандын айтымында, Тегеран Батыш менен тирешүү баштаганга ниеттүү, ошондуктан Батыш өлкөлөрү ага алынбай, сергек саясат жүргүзүш керек. Ошондой эле резолюцияны эми Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы дагы кабыл алаары күтүлүүдө.
Он беш британиялык суучул өткөн жума күнү, 23-мартта туткунга алынган. Бириккен Улуттардын көзөмөл аракеттеринин алкагында алар Перс булуңундагы кемелерди текшерип жүрүп, бир ирандык кемени токтотуп, анын үстүнө чыкканда, кеме ирандык аскерлер тарабынан курчоого алынып, текшерүүчүлөр кармалып кеткен. Тегерандын айтымында, алар Ирандын суу чек арасын бузган, Лондон болсо космостон тартылган сүрөттөрдү көрсөтүп, суучулдар кармалганда, алар Ирактын деңиз мейкиндигинде болгону жөнүндө айтууда.
Туткунга түшкөндөрдүн ичинде Фейи Төрни деген бир аял бар жана Тегеран аны 29- же 30-мартта бошотууга макул болгон. Иран сыналгысы көрсөткөн видеодо Төрни күнөөнү мойнуна алып, биз чындап эле Ирандын чек арасын бузган сыяктуубуз деп билдирген. Бирок, өлкө куралдуу күчтөрүнүн Баш ордосунун жетекчисинин орун басары генерал Алирез Афшар 29-мартта билдиргенге караганда, кечирим сурагандын ордуна Лондон Иранга катуу басым жасап жаткандыктан, Төрнинин бошотулушу кийинкиге калтырылды.
29-мартта Ирандын Лондондогу элчилиги Төрни жазган катты таратты, анда ал - Ирактагы британиялык аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетүүгө мезгил жетти деп билдирет, бирок ал катты Төрни өзү жазганына Британияда аз адам ишенет. Тегерандын айтымында, меселеге дүйнөлүк коомчулукту кошпой, Иран менен Британия аны эки тараптуу деңгээлде чечүүгө тийиш.